Бабановду премьерликтен "алып түшкөн" аргымак Көлдөгү жылкы заводуна тартууланды

© Фото / пресс-служба дирекции по национальным видам спорта КРЖогорку Кеңештеги "Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов Islander One деген аргымагын Ысык-Көлдөгү жылкы заводуна тапшырды
Жогорку Кеңештеги Республика — Ата-Журт фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов Islander One деген аргымагын Ысык-Көлдөгү жылкы заводуна тапшырды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бабанов премьер-министр болуп турганда англис породасындагы жылкыны пара катары алган деп айыпталган.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги "Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов Islander One деген аргымагын Ысык-Көлдөгү жылкы заводуна тапшырды. Бул тууралуу фракциянын катчылыгынан маалымдашты.

© Фото / пресс-служба дирекции по национальным видам спорта КРЖогорку Кеңештеги "Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов Islander One деген аргымагын Ысык-Көлдөгү жылкы заводуна тапшырды
Жогорку Кеңештеги Республика — Ата-Журт фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов Islander One деген аргымагын Ысык-Көлдөгү жылкы заводуна тапшырды - Sputnik Кыргызстан
1/2
Жогорку Кеңештеги "Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов Islander One деген аргымагын Ысык-Көлдөгү жылкы заводуна тапшырды
© Фото / пресс-служба дирекции по национальным видам спорта КРАнын алкагында Бабанов иш-чаранын катышуучуларына кайрылып, жылкы заводун мааракеси менен куттуктап, ат кыргыздардын тарыхында өзгөчө орунду ээлегенин айтты.
Анын алкагында Бабанов иш-чаранын катышуучуларына кайрылып, жылкы заводун мааракеси менен куттуктап, ат кыргыздардын тарыхында өзгөчө орунду ээлегенин айтты. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Анын алкагында Бабанов иш-чаранын катышуучуларына кайрылып, жылкы заводун мааракеси менен куттуктап, ат кыргыздардын тарыхында өзгөчө орунду ээлегенин айтты.
1/2
Жогорку Кеңештеги "Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов Islander One деген аргымагын Ысык-Көлдөгү жылкы заводуна тапшырды
2/2
Анын алкагында Бабанов иш-чаранын катышуучуларына кайрылып, жылкы заводун мааракеси менен куттуктап, ат кыргыздардын тарыхында өзгөчө орунду ээлегенин айтты.

Ушу тапта Чолпон-Ата шаарында "Этно маданиятты өнүктүрүү, ат индустриясы жана асыл тукум мал өстүрүү борбору" мамлекеттик ишканасынын 90 жылдыгына карата спорттук иш чара өтүүдө.

Анын алкагында Бабанов иш-чаранын катышуучуларына кайрылып, жылкы заводун мааракеси менен куттуктап, ат кыргыздардын тарыхында өзгөчө орунду ээлегенин айтты.

Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында өтүп жаткан ат оюндарынын байгесине жети унаа коюлду - Sputnik Кыргызстан
Чолпон-Атадагы ат оюндарынын байгесине жети автоунаа коюлду
Белгилей кетсек, Бабанов жылкы заводуна тапшырган аргымак 2012-жылы анын премьерликтен кетүүсүнө негиз болгон. "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев аны асыл тукум аргымакты түрк ишкеринен пара катары алды деп айыптаган. Ал эми Бабанов аны өзүнүн эле акчасына сатып алганын билдирген.

Эл өкүлү асыл тукумдуу жылкынын баасы 500 миң доллардын 1,5 миллион долларга чейин турарын айтса, Бабановдун маалымат кызматы жылкыны өкмөт башчы 20 миң долларга эле сатып алганын билдирген болчу.

Айыптоолордун аягында Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициядан "Ата Мекен" менен "Ар-Намыс" фракциялары чыгып, Бабанов башында турган өкмөт автоматтык түрдө отставкага кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0