Улуттук госпиталдын үч бөлүмү толугу менен ремонттон өткөрүлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук госпиталдын имараты. Архив
Улуттук госпиталдын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл 20-январдан тарта Улуттук госпиталдын жетекчилиги убактылуу токтотулган оңдоо иштери башталгандыгын билдирген.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Вице-премьер Чолпон Султанбекова Улуттук госпиталдагы оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, быйыл 20-январдан тарта Улуттук госпиталда оңдоо иштери башталган. Бүгүнкү күндө госпиталдагы үч бөлүмдүн оңдоо иштери толук аяктады.

"Терапиялык корпустун оңдоо иштери 70 пайызга бүткөрүлдү. Июнь айынын аягында толугу менен ишке берилет. Мындан сырткары, апрель айынын аягында 60 орунга ылайыкталган неврология бөлүмүнүн курулушу башталат. Ошондой эле нейрохирургия, нейротравма, гастроэнтерология, эндокринология жана реанимация бөлүмдөрүндө электр монтаждык жумуштар жана ысык, муздак суу киргизүү иштери уланууда", — деп айтылат маалыматта.

Вице-премьер Султанбекова объекттин курулушу премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун көзөмөлүндө экенин билдирди. Андыктан бардык оңдоо иштери ыкчам тартипте бүткөрүлүп, ортомчулар түзүлгөн келишимди убагында аткарып, баштаган ишин аягына чыгарышы керектигин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0