Бийлик кыргызстандыктарды эртең ишембиликке чыгууга чакырды

Жазылуу
Жалпы республикалык ишембилик 15-апрелде өтөт.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Өкмөт кыргызстандыктарды ишембиликке чыгууга чакырды.

Өкмөттүн тараткан маалыматына караганда, жалпы республикалык ишембилик эртең, 15-апрелде өтөт.

Буга чейин премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө аймактарда жыл сайын өтө турган ишембиликти салтка айлантуу тапшырмасын берген.

Мындай иш-чаралардын максаты жаштарды мекенди сүйүүгө тарбиялап, тургундарды айлана-чөйрөнү таза кармоого чакыруу болуп эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0