Кыргызстандын Кытайда соттолгон эки жараны кайтарылды

© AP Photo / Matt YorkКишенчен адам. Архив
Кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул иш кыргыз-кытай мамлекеттеринин 2012-жылы түзүлгөн "соттолгон адамдарды өткөрүп берүү" келишиминин алкагында ишке ашырылды.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кытайдын түзөтүү колониясындагы эки кыргызстандык жаран мамлекетке кайтарылганын КР Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Билдирмеге караганда, бул иш кыргыз-кытай мамлекеттеринин 2012-жылы түзүлгөн "соттолгон адамдарды өткөрүп берүү" келишиминин алкагында ишке ашырылган.

Натыйжада, 13-апрель күнү Кытайда узак мөөнөткө соттолуп, түзөтүү колониясында жазасын өтөп жаткан эки кыргызстандык жаран КРге өткөрүлүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0