Парламентте адвокаттарды колдоо маселеси көтөрүлдү

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүРассмотрение суда по делу Халимат Расуловой и Магомеда Расулова
Рассмотрение суда по делу Халимат Расуловой и Магомеда Расулова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттын айтымында, өлкө аймагы боюнча 3000ден ашуун адвокат лицензия алган.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Адвокаттар коомчулугу мамлекеттик колдоого муктаж. Бул тууралуу "Республика — Ата-Журт" фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев парламентте ар кандай маселелер учурунда айтканын ЖКнын маалымат кызматы билдирди.

Депутаттын айтымында, өлкө аймагы боюнча 3000ден ашуун адвокат лицензия алган.

"Адвокатура коомчулугунун өзүнчө имараты жок, дегеле мамлекет тарабынан эч кандай колдоого алынбайт. Адвокаттар жөн эле юристтер эмес, алар сот акыйкаттыгынын бир элементи", — деди депутат.

Эл өкүлү шаар мэриясынан, Юстиция министрлигинен адвокаттарга колдоо көрсөтүүнү өтүндү.

Жаңылыктар түрмөгү
0