Ажатканага "түшкөндөр" андан ары кайда кетет. Бишкектин ыплас сууларынын таржымакалы

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота отстойника в селе Пригородное
Работа отстойника в селе Пригородное - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сиз күн сайын тишиңизди тазалаган суу Чу дарыясына кошулат экен. Ызылдабай туруңуз эми, аягына чейин окусаңыз. Анткен менен дарыядагы балыктар ууланып калбашы үчүн сууну кадимкидей эле тазалашат.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Элестетсеңиз да, паспортту унитазга түшүрүп алдыңыз, ал суу менен андан ары кетти. Ыплас суулар менен кошулуп, сиздин тим эле тыпыйып түшкөн сүрөтүңүз түтүк аркылуу саякаттайт. ID-карта кычык-кучуктарга туруп да калбайт экен.

Түтүктөгү документ

Бишкек шаардык таштанды жайынын асмандан көрүнүшү
Жердин алдына тереңдетилип жаткырылган бир кучак түтүктү элестетип жатасызбы. Аны менен бир болуп ыплас суулардын агымы күү-шаа болуп агат. Анын арасында анда-санда калкып чыга калып, сиздин паспорт да кетип бара жатат.

Айтмакчы, канализациянын түтүгүнө түшүү өтө кооптуу. Катуу агымдан сырткары анда метан толтура, андыктан оңдоп-түзөө иштерин жасаган бригадалар ага жалгыз-жарымдап түшпөйт.

Ошентип, ыплас масса сууну тазалаган заводду көздөй агылат. Бишкек жантайыңкы жерде жайгашкандыктан, шаардын өйдө жагына келе турган мындай суулар дароо эле төмөн жакка, Пригородное айылын көздөй шашылат. 

© Sputnik / Даниил Сулайманов
Ыплас суулар куюлган түтүктөрдүн диаметри 15 сантиметрден 2 метрге чейин жетет - Sputnik Кыргызстан

Анын курамында эмнелер гана жок, ат чабым алыстан сасыган суу кайрадан жыттан арылып, тазаланат. Балким, сиздин паспорт дал ошол жерден темир торлордун слесары Владимир Поповдун колуна түшүшү мүмкүн.

Шаардагы агынды суулар кайда кетет?

Биринчиден завод чоң: анын 48 гектарлык аянтына 67 футбол талаасын курса болот. Экинчиден, бир нече чакан имараттан жана чоң-кичине бассейндерге окшош ири курулуштан турат. Үчүнчүдөн, ал жактын өзгөчө "жыпар" жыты бар. 

© Sputnik / Даниил Сулайманов
Бишкектин канализация түтүктөрүн бириктирип туруп узунунан таштаса (678 чакырым), Душанбе шаарына жетет - Sputnik Кыргызстан

Алгач суунун бардыгы кабылдоочу камерага келип түшөт. Чынында ал камера деле эмес, ал бир кабаттуу имарат. Анда металлдан жасалган тордон ыплас суулар токтобой куюлуп турат.

Ири таштандынын бардыгы — чач, желим, картошканын кабыгы конвейерге келип түшөт. Заводдун кызматкери Владимир Попов конвейерге акчадан башканын бардыгы агып келээрин билдирди. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаводдун кызматкери Владимир Попов: кээде таштандынын ичинен айрылган акча да таап алабыз
Работа отстойника в селе Пригородном  - Sputnik Кыргызстан
Заводдун кызматкери Владимир Попов: кээде таштандынын ичинен айрылган акча да таап алабыз

"Мен 20 жылдан бери иштеп жүрүп бир-эки жолу гана майда акчаларды көрдүм. Бирок алар айрылып жараксыз болуп калган. Негизи таштандыны үңүлүп деле карабайм", — деди кызматкер.

Анда иштегендердин айтымында, 1990-жылдары суу менен кошо кишинин сөөгү агып келген учурлар көп болгон. Бишкектеги уюшкан топтор бири-бирин ачык люктарга ыргыта беришкен. Учурда кырсык болуп гана кетпесе, мындай көрүнүштөр сейрек кездешет.

Мындан тышкары, жай айларында суудан тоодой болгон жашылча-жемиштердин кабыгын алып чыгууга болот. Себеби үй кожойкелери салат жасап жатып, таштандыларды унитазга таштоону туура көрүшөт. 

© Sputnik / Табылды КадырбековТереңдиги 4,5 метрге болгон бул бассейндерге чогулган суу эки сааттан төрт саатка чейин тундурулат
Работа отстойника в селе Пригородном  - Sputnik Кыргызстан
Тереңдиги 4,5 метрге болгон бул бассейндерге чогулган суу эки сааттан төрт саатка чейин тундурулат

Канализациялык аквапарк же киргилт бассейнде эмнелер катылган?

"Бишкексууканал" ишканасынын Өндүрүш-эксплуатациялык башкармалыгынын жетекчи орун басары Мурадин Сейдалиевдин айтымында, ыплас суу бардык нерсеге өзүнүн терс таасирин тийгизет. Сууда химиялык жана биологиялык заттар болгону аз келгенсип, ал жакта кум менен таштар да бар.

Мындай караганда бул чоң бассейнде бардыгы кайнап жаткандай көрүнөт. Ал жактагы суунун температурасы такай 20 градус жылуу болот жана иш бир мүнөткө да токтоп калбайт. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Бишкексууканал" ишканасынын өндүрүш-эксплуатациялык башкармалыгынын жетекчи орун басары Мурадин Сейдалиевдин айтымында, заводдун иши бир мүнөткө дагы токтоп турбайт
Работа отстойника в селе Пригородном  - Sputnik Кыргызстан
"Бишкексууканал" ишканасынын өндүрүш-эксплуатациялык башкармалыгынын жетекчи орун басары Мурадин Сейдалиевдин айтымында, заводдун иши бир мүнөткө дагы токтоп турбайт

"Бул заводдо жарык өчүп калуу деген болбойт. Бизге жарык берген станциялардын биринде авария болсо, дароо экинчи станция электр энергиясы менен камсыздайт. Анткени бизде иш токтоп калды деп башкалар күтүп турбайт да", — деди Сейдалиев.

Суу кум-таштан тазалангандан кийин атайын суу кармоочу сегиз чоң бассейндерге куюлат. Анын диаметри 40, тереңдиги 4,5 метрди түзөт.

"Бул жерде агынды суулар эки сааттан т-рт саатка чейин тундурулат. Химиялык таштандылардын жарымы түбүнө тунса, жарымы суунун үстүнө калкып чыгат. Анан сууну атайын насос менен сордуруп алабыз", — деп "Шаар канализация" ишканасынын жетекчиси Кемелбек Алтымышев түшүндүрүп берди. 

Бассейндин айланасында калдайган канаттуулар учуп жүрөт. Алар заводду асмандап тартып жүргөн квадрокоптерибиз менен сүзүшүп кетпесе экен деп чыйпылыктап жерде турдук. Кудай жалгап андай болгон жок.

Реконструкция, көк тиреген түтүктөр. Бишкектеги ТЭЦтин асмандан көрүнүшү
"Булар биздин жардамчылар! Алар сууда калкып чыгып калган тамак-аштын калдыктарын терип жешет. Бул жерде керек болсо ак чардактар да бар", — деди Алтымышев.

Адамдар чыгарган таштандыларды башка тирүү "жандыктар" жеп жок кылат. Суунун түбүндөгү ылайларда миллиарддаган микроорганизмдер бар. Ал канализация менен келген эң жагымсыз нерселерди кубанып эле жеп коёт.

"Окумуштуулар ыплас нерселерди жеген микробдор бар экенин да изилдеп чыгышкан. Жаратылышта мындай алар саздарда көп кездешет. Дал ошолор үчүн биз сууну кычкылтек менен байытабыз", — деди Мурадин Сейдалиев. 

© Sputnik / Табылды КадырбековБул жерде суудагы кум-таштар тазаланат
Работа отстойника в селе Пригородном  - Sputnik Кыргызстан
Бул жерде суудагы кум-таштар тазаланат

Сууну ылайдан бөлүп алуу үчүн ал башка бассейнге куюлуп тундурулат. Аларда дээрлик жыт болбойт. Төрт сааттан кийин суу толук тунат жана мындай сууну сугат иштерине колдонсо болот.

Бул сууну Чу дарыясына кошконго чейин суу хлор менен дагы бир ирет тазаланат. Газ абада бат тарай тургандыктан мындай суу өмүргө коркунуч жаратпайт. Балыктар мындай сууда ууланбайт.

"Таза суу тартыш болгон мамлекеттерде, мисалы, Эмираттарда суулар бир нече тазалоодон өтүп, кайра эле үйлөргө берилет", — деди Сейдалиев.

Сутка сайын заводдон 220 миң кубметр ыплас суу тазаланат. Ии баса, заводдун аймагы кайсы бир пансионаттын эс ала турчу аянтын эске салат. Бардыгы таза жана жапжашыл. Заводдун аймагында нарцисс менен жоогазын гүлү аябай жакшы өсөт экен.

© Sputnik / Даниил СулаймановСуу таштандыларды чыпкалоочу электен өтөт. Таштандылар кийин өрттөлөт
Суу таштандыларды чыпкалоочу электен өтөт. Таштандылар кийин өрттөлөт - Sputnik Кыргызстан
1/6
Суу таштандыларды чыпкалоочу электен өтөт. Таштандылар кийин өрттөлөт
© Sputnik / Даниил СулаймановАтайын гидромашинанын жардамы менен уюп калган кумдар чогултулат
Атайын гидромашинанын жардамы менен уюп калган кумдар чогултулат - Sputnik Кыргызстан
2/6
Атайын гидромашинанын жардамы менен уюп калган кумдар чогултулат
© Sputnik / Даниил СулаймановСууну химиялык кошулмалардан тазалайт
Сууну химиялык кошулмалардан тазалайт - Sputnik Кыргызстан
3/6
Сууну химиялык кошулмалардан тазалайт
© Sputnik / Даниил СулаймановАларды микроорганизмдер жеп түгөтөт
Аларды микроорганизмдер жеп түгөтөт - Sputnik Кыргызстан
4/6
Аларды микроорганизмдер жеп түгөтөт
© Sputnik / Даниил СулаймановМикроорганизмдер суунун алдына түшүп калганда �сордургуч менен тазаланат
Микроорганизмдер суунун алдына түшүп калганда �сордургуч менен тазаланат - Sputnik Кыргызстан
5/6
Микроорганизмдер суунун алдына түшүп калганда �сордургуч менен тазаланат
© Sputnik / Даниил СулаймановСуу хлордолот. Бирок ал жел менен учуп кеткендиктен, суу колдонууга жарактуу болуп калат
Суу хлордолот. Бирок ал жел менен учуп кеткендиктен, суу колдонууга жарактуу болуп калат - Sputnik Кыргызстан
6/6
Суу хлордолот. Бирок ал жел менен учуп кеткендиктен, суу колдонууга жарактуу болуп калат
1/6
Суу таштандыларды чыпкалоочу электен өтөт. Таштандылар кийин өрттөлөт
2/6
Атайын гидромашинанын жардамы менен уюп калган кумдар чогултулат
3/6
Сууну химиялык кошулмалардан тазалайт
4/6
Аларды микроорганизмдер жеп түгөтөт
5/6
Микроорганизмдер суунун алдына түшүп калганда �сордургуч менен тазаланат
6/6
Суу хлордолот. Бирок ал жел менен учуп кеткендиктен, суу колдонууга жарактуу болуп калат

Сандар эмне дейт?

"Бишкек суу каналы" өндүрүш-эксплуатациялык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Мурадин Сейдалиевдин айтымында, заводдун кубаты Бишкектей болгон дагы бир шаарды тейлегенге жетет.

Учурда канализациялык системада 243 адам эмгектенет. Ишканага бюджеттен каражат бөлүнбөйт. 

"Ушул тапта бир тонна сууну талазоого эки сом 70 тыйын кеткенине карабай, тариф бир сом 20 тыйын гана турат. Бирок ага да карабай сиситема ишин токтоткон жок", — деди Сейдалиев.

© Sputnik / Даниил Сулайманов
Бишкектин саркынды суулары Дельфин бассейнин 6 саатта толтура алат - Sputnik Кыргызстан

Былтыр завод өзүнүн 40 жылдыгын белгилеген. Азыр жумушчулар жабдууларды оңдоого, алмаштырууга, кызматкерлердин айлыгын көтөрүүгө кажарат жетишпегенин айтат. Баса, кызматкерлердин айлык акысы 15 миң сомдун тегерегинде.

Жаңылыктар түрмөгү
0