Таласта мас болуп окуучуга кол көтөргөн деп шектелген мугалимге иш козголду

Жазылуу
Экспертиза окуучу баланын жабыркаганын тастыктаган.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Талас районунун Козучак айылында мас болуп 6-класстын окуучусуна кол көтөргөн мугалимге кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратура билдирди.

Талас районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында окуя үстүбүздөгү жылдын 16-мартында саат 16.00дөр чамасында болгон.

"Сот-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен окуучу баланын жабыркаганы аныкталды", — деп айтылат маалыматта.

Бул фактынын негизинде мугалимге карата 161-берене (жашы жетек элек баланы тарбиялоодо өз милдетин аткарбай коюу) боюнча кылмыш иши козголуп, материалдар Талас ОИИБдин тергөө бөлүмүнө жөнөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0