Бегимай Карыбекова: Чокморовдун кинолору менен эле чоңойгон кызмын!

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Кыргызстан сулуусу — 2017" сулуулук сынагынын жеңүүчүсү Бегимай Карыбекова
Кыргызстан сулуусу — 2017 сулуулук сынагынын жеңүүчүсү Бегимай Карыбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн аптада 19 жаштагы Бегимай Карыбекова "Кыргызстан сулуусу — 2017" наамын багындырып, 100 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болгон. Ошондой эле ага "Дүйнө сулуусу — 2017" сынагына өлкөнүн атынан катышуу укугу берилди.

Учурда чет өлкөдө жашап, моделдик дүйнөнү багынтып жаткан кыргыз чүрөгү Карыбекова менен журналист Гүлдана Талантбекова маектешти.

— Сиз чет жакка учуп жатканыңызга байланыштуу бетме-бет жолуга албай калдык. Сыртта карьераңызды улантып жаткандыктан, бул жакта көп болбосоңуз керек?

— Мен "Кыргызстан сулуусу — 2017" конкурсуна кастинг жүрүп жатканда чет мамлекетте болчумун. Конкурс тууралуу угаарым менен ал жакта иштешкен моделдик агенттиктен суранып, учуп келгем.

© Sputnik / Табылды КадырбековБегимай Карыбекова: сүйүнүчүмдө чек жок. "Генерал болууну самабаган солдат — солдат эмес" дейт. Сынакка катышып жаткандан кийин жеңүүгө дагы, жеңилүүгө да даяр болуш керек
Конкурс красоты Мисс Кыргызстан — 2017 - Sputnik Кыргызстан
Бегимай Карыбекова: сүйүнүчүмдө чек жок. "Генерал болууну самабаган солдат — солдат эмес" дейт. Сынакка катышып жаткандан кийин жеңүүгө дагы, жеңилүүгө да даяр болуш керек

— Сынактан кийин өзүңүздү кандай сезип жатасыз?

— Сүйүнүчүмдө чек жок. "Генерал болууну самабаган солдат — солдат эмес" дейт. Сынакка катышып жаткандан кийин жеңүүгө дагы, жеңилүүгө да даяр болуш керек. Бардыгынын көздөгөнү жеңиш, бирок биринчилик бир эле адамга буюрат.

— Сынакка катышкан 17 кыздын арасынан суурулуп чыгып, жеңишке жетем деген ишеним болду беле?

— Конкурска ат салышкандар күчүнө, сулуулугуна ишенген, моделдик чөйрөдө жүргөн кыздар болчу. Ар бири татыктуу талапкер эле. Атаандаштардын даярдыктарын көрбөгөндөн кийин жеңиш меники болот деп ойлогон эмесмин.

— Ийгиликтин ачуусу да, таттуусу да болот дегендей, ар кандай сөздөр айтылды…

— Эл оозунда элек жок деген cөз бар. Ар ким түшүнүп, түшүнбөй сындай берет экен. Сын менен каталардын үстүнөн иштегенди билсең өсөсүң деп ойлойм. 

—Жаңылыштык баарында эле болот деңизчи, негизи Сүймөнкул Чокморов ким экенин билчү белеңиз? Эмне үчүн аны журналист болгон дедиңиз?

— Сүймөнкул Чокморовдун кинолору менен эле чоңойгон кызмын. Канча жылдан бери эстебей калгангабы, оюма ар түркүн ойлор келип, туура эмес жооп берип алдым. Бул үчүн кечирим сурайм! Чындыгында толкунданып кеттимби, айтор, эмне болгонун түшүнбөй калдым. Жаңылыш сүйлөп алдым. Жашоодо мен эмес, менден мыктылар адашат. Конкурстун жүрүшүндө башка конкурсанттар деле адашып, жооп бере албай жатканын видеодон көрсөңүз болот. Болгону мен бөлөк программалардын алкагында өзүмдү жакшы көрсөтүп, жогорку упай менен жеңишке жеткендигим үчүн сынга кабылдым.

© Фото / Рахат КеримбаевБегимай Карыбекова: Сүймөнкул Чокморовдун кинолору менен эле чоңойгон кызмын. Канча жылдан бери эстебей калгангабы, оюма ар түркүн ойлор келип, туура эмес жооп берип алдым. Бул үчүн кечирим сурайм!
Модель Бегимай Карыбекова которая представит Кыргызстан на конкурсе красоты Top Model Of The World – 2016 - Sputnik Кыргызстан
Бегимай Карыбекова: Сүймөнкул Чокморовдун кинолору менен эле чоңойгон кызмын. Канча жылдан бери эстебей калгангабы, оюма ар түркүн ойлор келип, туура эмес жооп берип алдым. Бул үчүн кечирим сурайм!

— Нарындын сулуусу мода дүйнөсүн кантип багынта баштады эле?

— Мектепти Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Тоголок Молдо айылынын Жоробек Сатылганов мектебинин 9-классын аяктап, Кыргызстан Эл аралык университетинин колледжин бүтүп, ошол эле окуу жайдын 2-курсунун студентимин. "Ааламга жол айылдан башталат" дегендей, айылдан келип, тил үйрөнүп, дүйнөлүк моделдик агенттиктер менен иштешүү ушул курагым үчүн жакшы эле жетишкендик деп ойлойм. Бардык пландарымды ата-энем, эжелерим менен кеңешип түзөм.

Тыкылдаган шиштака, дүкүлдөгөн жүрөктөр — Бишкек сулуусу кантип тандалды - Sputnik Кыргызстан
Тыкылдаган шиштака, дүкүлдөгөн жүрөктөр — Бишкек сулуусу кантип тандалды
Эң алгач "Кыргызстан сулуусу — 2014" сынагына катышып, "Мисс гламур" номинациясына ээ болгом. Андан кийин "Мисс бикини КМШ" эл аралык конкурсуна катышып, 3-вице мисс аталгам. Эл аралык "Мисс Кейт", Кытайда өткөн "Мисс туризм — 2015" сынагында биринчи вице-мисс аталсам, Германияда өткөн "Top model of the world — 2016" Кыргызстандын атынан алгачкы ирет катышып, алдыңкы жети орунга кирип, "Jenlab" компаниясынын жарнамасына түшүп, Бремен шаарындагы баннерлерге сүрөтүм илинген. Ушул конкурстан кийин автоматтык түрдө Шри-Ланкада өтүүчү "Miss Intercontinental — 2016" сынагына чакыруу алып ийгиликтүү катыштым. Бул конкурстан кийин Гон-Конг, Таиланд, Филиппин, Сингапурдун моделдик агенттиктеринен сунуштар түшүп, келишимдик негизде иштеп жатам.

— Сулуулугуңузга кантип кам көрөсүз?

— Келбетиме укмуш кам көрөм деп деле ойлобойм. Табиятымдан арыкчыраймын. Кемчилик баарында болот, мен дагы аларды жоюуга аракет кылам.

© Sputnik / Табылды КадырбековБегимай Карыбекова: 19 гана жаштамын. Азыртадан эле оюмдун баарын жигитке арнап, жылуу сөздөрүн айткандарга жооп кайтаруудан алысмын. Убагы келгенде кандай мырзага туш болом, мага да табышмак
Конкурс красоты Мисс Кыргызстан — 2017 - Sputnik Кыргызстан
Бегимай Карыбекова: 19 гана жаштамын. Азыртадан эле оюмдун баарын жигитке арнап, жылуу сөздөрүн айткандарга жооп кайтаруудан алысмын. Убагы келгенде кандай мырзага туш болом, мага да табышмак

— Сынактарга катышуу үчүн материалдык жактан ким жардам берет?

— Ата-энем, эжелерим кийимдерди тигип берип көмөктөшсө, Германиядагы эжем материалдык жактан колдоп турат. Өзүм да аракет кылып, эмгектенем.

— Социалдык тармактарга купальникчен сурөттөрүңүздү да жүктөйсүз. Сын пикирлер болобу?

Филиппиндин борбору Манилада өтүп жаткан Жер сулуусу сынагынын катышуучусу Бегим Алмасбекова - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз чүрөгү: азыр көкүрөгүңдү жасатып эч кимди таң калдыра албайсың
— Купальникти жай мезгилинде эс алуу учурунда баары эле кийип, сүрөтүн жүктөшөт. Мен жөн эле купальникчен түшө бербейм. Чоң моделдик агенттиктер менен болгон ишим ушуну талап кылат.

— Сизге бир ашыкча суроо берейин. Жакын адамыңыз барбы?

— 19 гана жаштамын. Азыртадан эле оюмдун баарын жигитке арнап, жылуу сөздөрүн айткандарга жооп кайтаруудан алысмын. Убактым дагы дайыма боло бербейт. Ар бир адамдын "турмуш курушум керек" деп ойлоно баштаган мезгили келет. Убагы келгенде кандай мырзага туш болом, мага да табышмак.

— Алдыда кандай пландарыңыз бар?

— Буюрса "Дүйнө сулуусу — 2017" сынагында өлкөнүн намысын татыктуу коргойм деген чоң максатым, тилегим бар. Мен бир гана мода дүйнөсү, сулуулукка кызыгып план койбойм. Алдыда көп ой-максаттарым бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0