АКШдагы мугалим Сейитов: окуучуларда дептердин эки бетин колдонуу деген түшүнүк жок

© Фото / Марат СейитовАКШнын Техас штатынын Карролтон шаарындагы жалпы билим берүүчү Harmony public school мектебинде түрк тилинен сабак берген мекендешибиз Марат Сейитов
АКШнын Техас штатынын Карролтон шаарындагы жалпы билим берүүчү Harmony public school мектебинде түрк тилинен сабак берген мекендешибиз Марат Сейитов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда түркология факультетин аяктап, учурда АКШнын Техас штатынын Карролтон шаарындагы жалпы билим берүүчү Harmony public school мектебинде түрк тилинен сабак берген мекендешибиз Марат Сейитов океандын ары жагына кантип барып калганы, таң калдырган жана зээнди кейиткен учурлар тууралуу маек куруп берди.

Таанышы аркылуу Америкага барып иштөө жөнүндө маалымат алган Сейитов 2010-жылдын жаз айларында Кыргызстанда маектешүүдөн кийин ошол эле жылдын октябрында айында жумуш визасы (H1B) менен учуп кеткен.

— Алгач келгенде маданий шокту башыңыздан өткөргөн чыгарсыз?

Бириккен Араб Эмирлигинин FlyDubai компаниясында борт коштоочу болуп иштеген Наргиза Мукамбетова - Sputnik Кыргызстан
Дубайда стюардесса болуп иштеген Наргиза: азыр жашоомду учаксыз элестете албайм
— Бул жерге келгенде көңүлдү бурган же маданий шок кылган көп эле нерселерге туш болдум. Адамдардын өзүн алып жүрүүсүнө, ишке берилгендигине аябай таң калдым. Өзгөчө берилген жумушту так аткаргандары жана башканын жумушун сыйлай билүүсү жакты. Мисалы, таштандыны челекке салуу, эс алуучу жерлерди, парктарды таза кармоо аябай өнүккөн. Кароолчусу жок болсо деле паркка келип отуруп, эс алгандан кийин ал жерди тазалап кеткендери суктандырат. Ээн жер болсо дагы ыргытылган желим баштык, шише көрбөйсүң.

— Өз багытыңызда көңүлүңүздү дароо бурган нерсе эмне болду?

— Билим берүү системасындагы "бир дагы бала четте, же окубай калбашы керек" деген саясат көңүлдү бурду. Баланы акыл-эсине, мүмкүнчүлүгү чектелгенине карабай башка окуучулар менен бирге окутуп, алардын башкалардан кем болбошуна шарт түзүлөт экен. Ошол аркылуу ал окуучунун эмнеге жөндөмдүү экенин таап, ага багыт берүү да жеңил болот экен. Башкача айтканда, көпчүлүктөн айырмаланган балдар бул жакта өзүн жат сезбейт.

— Өзүңүз кыргыз болуп, АКШда түрк тилинен сабак бергениңизди окуучулар кандай кабыл алды?

— АКШ иммигранттардын мекени болгону үчүн эл мындайга көнүп калган. Анын үстүнө биздин мектепте түрк тилинен башка француз жана испан тилдери окутулат. Мисалы, француз тилинен сабак берген мугалимдин улуту — араб. Окуучулар ошол тилдерден каалаганын тандап алат.

© Фото / Марат СейитовМарат Сейитов: АКШ иммигранттардын мекени болгону үчүн эл мындайга көнүп калган. Анын үстүнө биздин мектепте түрк тилинен башка француз жана испан тилдери окутулат. Мисалы, француз тилинен сабак берген мугалимдин улуту — араб
Учитель турецкого языка в Техасе, кыргызстанец Марат Сейитов - Sputnik Кыргызстан
Марат Сейитов: АКШ иммигранттардын мекени болгону үчүн эл мындайга көнүп калган. Анын үстүнө биздин мектепте түрк тилинен башка француз жана испан тилдери окутулат. Мисалы, француз тилинен сабак берген мугалимдин улуту — араб

— АКШга келгениңизге быйыл жети жылдын жүзү болот экен. Америка менен Кыргызстандын билим берүүсүндөгү негизги айырмачылык деп эмнелерди айта аласыз?

— Мен Кыргызстанда үч жылдай мугалим болуп иштеп калдым. Аз болсо да биздин билим берүү системасы кандай экенин билем. Американын билим берүү системасын да жакшы эле түшүнүп калдым. Экөөнүн ортосунда материалдык базадан тартып окутуу ыкмасына чейин бир топ айырмачылык бар. Кыргызстанда билим берүү министрлиги өзүнүн туруктуу багытын таба электей сезилет. Мисалы, Кыргызстанда 4-класста, 9-класста жана 11-класста көчүрүү экзамендери болот. Ошол экзамендердин жыйынтыгын карап, окуучунун билим деңгээли жогорулап жатабы, бир калыптабы же төмөндөп кеттиби деп анализдеп, эгер төмөндөп кетсе кандай кадамдарды жасаш керек экенин эч ким деле көзөмөлдөбөйт. Америкада ар бир баланын мектепке киргенинен баштап бүткөнгө чейинки бардык экзамен, тесттеринин жыйынтыктарын көрүүгө болот. Ошол жыйынтыктар аркылуу ал баланын кайсы университетке барып, кандай кесипти тандаса ийгиликтүү болорун болжолдой аласыз. Окуучулар алган тесттердин жыйынтыктары аркылуу мектептин билим берүү деңгээли да текшерилип турат. Эгер бир мектептин окуучулары 2-3 жыл катары менен төмөн баа алса, ал мектепти штаттын билим берүү мекемеси тыкыр көзөмөлгө алат. Директоруна жана мугалимдерине түрдүү окуулар сунушталат. Эгер жылыш болбосо кадрдык өзгөрүүлөргө туш болот. Андан тышкары, бул жакта окуучулардын коопсуздугу да өтө маанилүү. Өрт чыкса, торнадо болсо, мектепке кол салуу жана башка күтүлбөгөн окуялар болуп кетсе эмне кылуу керек экенин балдарга ай сайын эскертип турабыз.

Кытайдын Иньчуань шаарындагы эл аралык КАРВАР клиникасында котормочу жана директордун жардамчысы болуп эмгектенген Динара Ибраимова - Sputnik Кыргызстан
Кытайдагы клиниканын котормочусу Динара: бети түрүлүп жаткан кишиден аябай коркком
Ошондой эле жогоруда айтып кеткендей бул жакта аутизм же ушул сыяктуу "өзгөчө балдар" менен иштөө аябай өнүккөн. Аларды четте калтырбай башкаларга аралаштырсак арасынан Стивен Хокинг (физик-теоретик, математик, профессор) сыяктуу илимпоздор чыгышы мүмкүн деп аябай аракет кылышат. Кыргызстандын Америка болбосо дагы Европа өлкөлөрүнүн билим берүү системалары менен жакындан таанышып маанилүү кадамдарды жасашы керек деп ойлойм. Ошондой эле Кыргызстандагы мектептердин деңгээлин кызыл аттестат аркылуу эмес, классынан көчпөй калган окуучулардын саны аркылуу таразалашы керек. Анткени акылдуу балдар кичине жардам менен эле ийгиликке жете алат. Ал эми университетке пара менен өткөн студент акчанын күчү менен эле окуусун аяктайт. Жыйынтыгында ал сабатсыз бойдон эле калат…

Кыргызстан башка мамлекеттерге салыштырмалуу чакан өлкө. Элибиздин саны да аз. Башка тармактар сыяктуу эле билим берүүнү да реформаласа бат эле жакшы жыйынтыгын берет.

— Туура айтасыз, биздин үйрөнө турчу нерселерибиз чынында көп. Эми ошентсе да АКШда бардыгы эле жипке тизген шурудай болбосо керек?

— Эми беш кол тең эмес да. Кемчилиги да бар. Негизи эле бул жактагы окуучулар Кыргызстандагы окуучуларга салыштырмалуу окуу куралдарына, тамак-ашка ысырапкорчулук менен мамиле кылат. Жөнөкөй эле мисал, Кыргызстанда окуучулар ар бир предметке өзүнчө дептер колдонот, ал дептердин ар бир бетин колдонгонго аракет кылат. Америкада окуучулардын көбү андай эмес. Дептердин биринчи бетине математика сабагын жазса, 3-бетине англис тилин, 5-бетине тарых сабагын жаза берет. Бир барактын эки бетин тең колдоноюн деген түшүнүк жок. Ошондой эле түштө берилген тамактардын жарымын эле жеп, калганын таштандыга ыргытышат. Тентектери болсо ашкан тамакты бири-бирине ыргытып ойношот.

© Фото / Марат СейитовМарат Сейитов: азыр англис тили дүйнөлүк тил болгонуна байланыштуу бардык тармактагы өнүгүүлөр ошол тил аркылуу ишке ашып жатат. Эгер жаштардын келечекке карата кандайдыр бир планы болсо англис тилин жогорку деңгээлде билиши шарт
Учитель турецкого языка в Техасе, кыргызстанец Марат Сейитов - Sputnik Кыргызстан
Марат Сейитов: азыр англис тили дүйнөлүк тил болгонуна байланыштуу бардык тармактагы өнүгүүлөр ошол тил аркылуу ишке ашып жатат. Эгер жаштардын келечекке карата кандайдыр бир планы болсо англис тилин жогорку деңгээлде билиши шарт

— Чет жакта жүрүп башка тилди үйрөнүү канчалык пайдалуу жана зарыл экенин түшүнүп калсаңыз керек. Чет тилди үйрөнүүдө азыркы жаштар эмнеге басым жасаса жакшы болот?

— Азыр англис тили дүйнөлүк тил болгонуна байланыштуу бардык тармактагы өнүгүүлөр ошол тил аркылуу ишке ашып жатат. Эгер жаштардын келечекке карата кандайдыр бир планы болсо англис тилин жогорку деңгээлде билиши шарт.

— Америкага келгениңизге көз ачып жумгуча эле жети жыл болуптур. Бул убакыт аралыгында "ушул нерсени сөзсүз жасайм" деген пландарыңыз болдубу, ишке аштыбы?

— Америкадан эмне жакшы нерсе көрсөк, ошону Кыргызстанга алып барсак деп кыялданабыз. Бул жерде мен сыяктуу мугалим болуп иштеген кыргыздар көп. Алар менен кээде сүйлөшүп Кыргызстанга пайдабыз тие турган иштерди жасасак дейбиз. Кудай буюрса, бул жерден алган тажырыйбаны пайдаланып мекенибизге кичине да болсо салымыбызды кошконго аракет кылабыз. Азыр мугалимдик квалификацияны жогорулатуу максатында педагогикалык билим алып жатам.

Жаңылыктар түрмөгү
0