Кыргызстандыктар Москвада ишембилик өткөрөт

© пресс-служба посольства КР в РоссииКыргызстандык жарандар Москвадагы ишембилик учурунда. Архив
Кыргызстандык жарандар Москвадагы ишембилик учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Салтка айланган иш-чара 2011-жылдан бери өткөрүлүп келет.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Кыргызстандыктар Москвадагы "Дружба" сейил багында ишембилик өткөрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Кыргыз диаспорасынын Москвадагы коомдук кеңешинен кабарлашты.

Тору-Айгыр жаштары коомдук бирикмесинин жетекчиси Чыңгыз Казиев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Тору-Айгыр айылынын активисти Казаев: эми жолдорду түздөйбүз
Ишембилик 29-апрелде өтөт. Кыргыз диаспорасы каалоочулардын бардыгын иш-чарага чакырат.

Ишембилик өткөрүү үчүн борбор калаанын Маданият департаменти тарабынан уруксат берилген. Ал эми тазалоо иштерине керектелүүчү шаймандар менен сейил бактын администрациясы камсыздайт.

Ишембилик эртең менен саат 9.30да (Москва убактысы боюнча) башталат. Салтка айланган ишембилик 2011-жылдан бери өткөрүлүп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0