Бишкек мэри жер алдындагы өтмөктүн соодагерлери менен жолукту

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов жер алдындагы өтмөктө соода кылгандар менен жолукту
Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов жер алдындагы өтмөктө соода кылгандар менен жолукту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оңдолгон өтмөктөрдө майыптар үчүн да ыңгайлуулук каралып, заманбап ажатканалар салынат.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов жер алдындагы өтмөктө соода кылгандар менен жолукту. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Мэр Чүй менен Манас проспектилеринин жана Абдрахманов менен Чүй проспектисинин кесилишиндеги жер алдындагы өтмөктө соода кылгандардын бардыгынын оюн укту.

"Жолугушууда тараптар өтмөктөрдү оңдоодон улам соода орундарынын азайышын жана аны чечүү жолдорун талкуулашты. Ошондой эле соода кылгандарга муниципалдык менчикти иажара алуунун эрежелери менен жолдору түшүндүрүлдү", — деп айтылат маалыматта.

Оңдолгон өтмөктөрдө майыптар үчүн да ыңгайлуулук каралып, заманбап ажатканалар салынат.

Белгилей кетсек аталган жер алдындагы эки өтмөктө 160га жакын соода түйүнү бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0