Дарыгерлер күзгө чейин Ошту кыдырып акысыз кызмат көрсөтөт. Райондордун тизмеси

© Sputnik / Табылды КадырбековУгольное месторождение Кара-Кече
Угольное месторождение Кара-Кече - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгерлер тобунун курамында кардиолог, эндокринолог, ревматолог, гинеколог, психиатр өңдүү адистер бар.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Ош облусунун дарыгерлер тобу "Ден соолук кербени" долбоорунун алкагында апрелден сентябрь айына чейин айыл-кыштактарга барып калкка акысыз медициналык жардам көрсөтүшөт. Бул туурасында өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн маалымат катчысы Жумамидин Сулайманкулов билдирди.

Дарыгерлер тобунун курамында кардиолог, эндокринолог, ревматолог, гинеколог, психиатр өңдүү мадистер бар.

"Атайын унаалар менен медициналык жабдыктарды алып барган дарыгерлер жеринде дартты аныктап, ооруканаларга жолдомо берет, түрдүү жардамдар көрсөтүлөт. Элди кабыл алуу акысыз жүргүзүлөт. Ал эми дарыгерлерди тамак-аш, жатакана менен камсыздоо жергиликтүү бийликке жүктөлгөн", — деди Сулайманкулов.

"Ден соолук кербени" өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашев тарабынан демилгеленген. Дарыгерлер тобу өз ишин кечээ Ноокат районунун Зулпиев айыл аймагынан баштады.

Төмөндө дарыгерлер кыдыра турган райондордун тизмеси:

 

  • Ноокат району, 11-апрелден 12-майга чейин;
  • Чоң-Алай району, 15-19 май;
  • Алай району, 23-27 май;
  • Өзгөн району, 6-26-июнь;
  • Кара-Кулжа району, 3-19-июль;
  • Араван району, 1-августтан 6-сентябрга чейин;
  • Кара-Суу району, 7-21-сентябрь;

 

Жаңылыктар түрмөгү
0