Медакадемиянын студенттери Россияда өткөн олимпиадада мыкты аталды

© Фото / пресс-служба КГМАV Всероссийская олимпиада по медицине
V Всероссийская олимпиада по медицине - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын намысын беш студент коргогон. Алар окуу жайдын ичинде өткөн олимпиаданын жеңүүчүлөрү болуп саналат.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын командасы бешинчи жолу өтүп жаткан Бүткүл Россиялык олимпиадада "Бейтаптар менен мыкты иштөө жөндөмдүүлүгү" номинациясында мыкты аталган. Бул тууралуу медициналык окуу жайдан маалымдашты.

"Алтын медскилл — 2017" олимпиадасы И.М.Сеченов атындагы медициналык университеттин виртуалдык клиникасында өткөн.

Кыргызстандын намысын беш кишиден турган "Лига медиков" командасы коргогон.

Олимпиадага Россиядан, Кытайдан, Белоруссия, Казакстан жана Кыргызстандан барган 51 команда катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0