Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Видеокамера автобазардын аймагынан 80 миң эреже бузууну каттаган

© Sputnik / Акылбек БатырбековАвторынок "Риом авто"
Авторынок Риом авто - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Камера РИОМ базарына мындан бир жыл мурда орнотулган.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Сокулук районундагы РИОМ автобазарынын жанына орнотулган видеокаттоону жүргүзгөн камера жол эрежесин бузган 80 учурду каттаган. Бул туурасында Маалымат технологиялары боюнча башкы башкармалыктын жол коопсуздугун мониторинг кылуу борборунун жетекчиси Талант Садыков билдирди. 

© Sputnik / Табылды КадырбековМаалымат технологиялары боюнча башкы башкармалыктын жол коопсуздугун мониторинг кылуу борборунун жетекчиси Талант Садыков
Пресс-конференция Письма счастья — штрафы за нарушения получают бывшие владельцы авто - Sputnik Кыргызстан
Маалымат технологиялары боюнча башкы башкармалыктын жол коопсуздугун мониторинг кылуу борборунун жетекчиси Талант Садыков

Аталган райондогу РИОМ базарына камера мындан бир жыл мурда орнотулган.

"Жабдуу сынап көрүү үчүн коюлган. Анын жардамы менен жол эрежесин бузган 80 миң учур катталып, 10 миллион сом айып пул өндүрүлдү. Бул жалпы сумманын 30 пайызын түзөт. Видеокамера орнотулгандан кийин аталган райондогу жол кырсыктар 50 пайызга азайган", — деп Садыков Sputnik Кыргызстан мультимедиалык борбордогу маалымат жыйында айтты.

Рулда баратып телефонун чукулаган айдоочулар видеокамерада - Sputnik Кыргызстан
Рулда баратып телефонун чукулаган айдоочулар видеокамерада
Ошондой эле эгер 2015-жылы машина базардын аймагында адам өмүрүн алган беш жол кырсыгы катталса, камера орнотулгандан кийин мындай кырсыктан экөө катталган.

Ал жол эрежелерин сактабагандарга айып пул салууда бир топ кыйынчылыктар жаралып жаткандыгын билдирди. Анткени Кыргызстанда автоунааны алып-сатууда жаңы кожоюнга каттабагандык мунун себеби болуп жатканын кошумчалады.

Айып пул салынгандыгы тууралуу билдирме көп учурда автоунаанын акыркы кожоюнуна эмес, транспорт расмий түрдө катталган адамга келип жаткан фактылар жаралууда.

2016-жылы февралджа ИИМ Чүй облусунун Сокулук районундагы чоң жолго видеокамера орноткон. Аппарат жол эрежесин бузган машиналарды каттап, анын айып пулу почта аркылуу автонунаанын ээсинин дарегине барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0