Бишкекте жылуулук берүү эртең өчүрүлөт

© SputnikОтключение отопления в Бишкеке
Отключение отопления в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сырттагы аба ырайы үч күн катары менен 8 градустан жогору болсо, жылуулук берүү өчүрүлөт.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Бишкек шаарында жылуулук берүү 11-апрелден тарта өчүрүлөт. Тийиштүү чечим мэрия тарабынан кабыл алынганын муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Мэрия апрель айынын башында күн сууктай тургандыктан жылуулук берүүнүн мөөнөтүн жылдырган.

Эгер сырттагы аба ырайы үч күн катары менен 8 градустан жогору болсо, жылуулук берүү өчүрүлөт.

Белгилей кетсек, былтыр жылуулук 10-мартта өчүрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0