БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Бишкекте кант диабети менен жабыркаган балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу үчүн кайрымдуулук концерти өтөт. Бул тууралуу "Диабетсиз балалык" коомдук уюму билдирди.
Иш-чара диабет менен ооруган 43 баланын жайкы эс алуусун Ысык-Көлдө уюштуруу максатында демилгеленген.
Коомдук уюмдун жектекчиси Нурхан Жумабаеванын айтымында, жайкы лагерь балдарды ар тараптан өнүктүрүүгө багытталган.
"Диабет менен ооруган балдар дайыма ата-эненин же дарыгердин көзмөлүндө болуусу керек. Мындан улам алар коомго аралаша албай калышат. Жайкы лагерь аларды башка адамдар менен тил табышып, коом менен көнүшүп кетүүсү үчүн уюштурулат. Буюрса ал жакта атайын тренинг менен сабактар өткөрүлүп, балдарды ар тараптан өнүктүрүүгө багытталган. Азыр 43 бала тизмеге кирди, ар бирине 12 миң сом талап кылынат", — деди ал.
Балдардын эс алуусун өткөрүү үчүн 500 миң сомдон ашык каражат чогултуу зарыл. Концертке эстрада жылдыздары, ата-энелер жана балдар катышат.