Ит балдарды ашыкча салмактан жана аллергиядан коргорун окумуштуулар аныкташты

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүПитомник ездовых собак в Карелии
Питомник ездовых собак в Карелии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окумуштуулар кишинин иммундук системасын жаштайынан жакшыртуу үчүн балдарды кумда ойнотуп, үй-жаныбарлары менен тааныштыруу зарылдыгын белгилешет.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Үйүндө бир же андан көп ити бар үй-бөлүнүн балдары ашыкча салмактан жана аллергиядан көп жапа чекпей турганын окумуштуулар анышташты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Microbiome илимий журналына таянуу менен жазды.

Маалыматка ылайык, үй жаныбарлары балдардын микрофлорасы үчүн керектүү болгон бактерияларды алып жүрөт.

77 жаштагы залкар нейрохирург, профессор Миталип Мамытов маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Миталип Мамытов: мээсине арматура кадалып, башына айры сайылып келгендер жашап жүрөт
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана Аллергия менен күрөшүү эл аралык уюмдун билдиришинче, жер шарында жашаган калктын үчтөн бири түрдүү аллергия менен оорушат. Алардын үчтөн экиси сезондук аллергиядан жапа чегишет.

Адам абдан эле таза шартта жашагандыктан аллергия менен ооруй турганын окумуштуулар белгилешет. Кичинекей кезде адамдын денеси аллергияны козгоочу нерселерге каршы тура албай, иммундук система аларды айырмалоо жөндөмдүүлүгүн жакшы өрчүтпөйт. Андыктан окумуштуулар кишинин иммундук системасын жаштайынан жакшыртуу үчүн балдарды кумда ойнотуп, үй-жаныбарлары менен тааныштыруу зарылдыгын белгилешет.

Учурда окумуштуулардын мындай божомолу дагы тереңдеп изилденүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0