Кыргызстандык спорт журналисттери Гонконгдо окуп жатат

© Фото / Гулжан ТурдубаеваОбучение Road to Tokyo-2020 в Гонконге
Обучение Road to Tokyo-2020 в Гонконге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Семинардын катышуучулары Азия кубогу — 2019 жана 2020-жылы Токиодо өтө турчу Олимпиадалык оюндарды чагылдыруу жолдорун үйрөнүшүүдө.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Ушул күндөрү Гонконг шаарында спорт тармагын жазган жаш журналисттер үчүн Road to Tokyo-2020 аттуу 10 күндүк окутуу өтүп жатат. Бул туурасында Кыргызстандын атынан катышып жаткан журналисттер билдирди.

Ага 11 мамлекеттен келген 43 жаш журналист чакырылган.

"Семинардын максаты  —  Азия кубогу — 2019 жана 2020-жылы Токиодо өтө турчу Олимпиадалык оюндарды чагылдыруу үчүн журналисттерди даярдоо", — деди Кыргызстандын атынан катышып жаткан журналисттер кабарлашты.

Олимпийские игры в Пекине - Sputnik Кыргызстан
Сүйүнчү! Кыргызстан дагы бир Олимпиада медалына ээ болду
Анда журналисттерге спорттук иш-чараларын кантип тартуу керектиги тууралуу мастер класстар көрсөтүлгөн. Ошондой эле хоккей, регби, аскага чыгуу, мылтык атуу сыяктуу спорт оюндарынын эрежелери менен таанышкан. Оюндун айрым түрлөрү Токиодо өтчү Олимпиаданын программасына киргизилет.

Аталган семинар быйыл үчүнчү жолу өтүп, кыргызстандык журналисттер алгачкы ирет катышууда. Окутуу  спорт журналисттеринин Азиялык жана Дүйнөлүк ассоциациясынын демилгеси менен Гонконгдун спорт ЖМКлар ассоциациясы тарабынан уюштурулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0