Москвадагы өрт: кыргызстандык 14 кыз-келиндин эмнеден көз жумганы белгилүү болду

© AFP / VASILY MAXIMOVПожар на складе в Москве
Пожар на складе в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москванын түндүк аймагында жайгашкан “Печатный экспресс” басмаканасы 2016-жылдын августунда өрттөнүп кеткен. Андан 17 киши каза болсо, 14ү — кыргызстандык кыз-келин экени аныкталган. Имараттан чыга албай калгандардын көбү 25 жаштын ар жак-бер жагында эле.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. 17 адамдын өмүрүн алган өрт кырсыгы боюнча кылмыш ишин иликтөө соңуна чыкканы Россиянын Тергөө комитетинин сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, “Печатный экспресс” басмаканасынын директору Сергей Москвин менен башкы инженер Антон Яцковго карата козголгон кылмыш ишин иликтөө аягына чыкты. Белгилей кетсек, аларга Россиянын Кылмыш жаза кодексинин 219-беренесинин 3-бөлүгү (Өрт коопсуздугу боюнча эреже-талаптарды бузуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

“Тергөө 2016-жылдын 27-августунда Москва шаарынын Алтуфьев шоссесинин боюнда жайгашкан кампа жана өнөр жай имараттарында 4-кабатка жайылып кеткен өрт чыккан. Жалынды өчүрүүдө16 адамдын сөөгү табылган, дагы бир киши ооруканадан каза болгон”, — деп айтылат маалыматта.

Иликтөө иштеринен улам 30дан ашуун соттук экспертиза дайындалган. 

Пожар на складе в Москве - Sputnik Кыргызстан
Москвадагы өрт: басмакана жана анын жетекчисине 6,6 млн. рубль айып салынды
“Натыйжада өрткө жарык берүүчү жабдуунун иштебей калышы сыяктуу техногендик фактор таасир эткени, ал эми анын жайылышына имарат ичиндеги ири көлөмдөгү уулуу нерселер, буюмдар себеп болгон. Мындан тышкары, өзүм билемдик менен имарат конструкциясынын өзгөртүлүшү адамдардын сыртка чыгуусуна тоскоол болгон”, — деп айтылат билдирүүдө.

Тергөө 7 ай жүрүп, кылмыш ишинин көлөмү 27 томдон ашкан. Тийиштүү деңгээлде чогултулган далилдер ишти сотко жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк түздү. 

Эскерте кетсек, “Печатный экспресс” басмаканасында былтыр август айында өрт чыгып, жалпы жонунан 17 киши набыт болгон, анын 14ү — кыргызстандык кыз-келин экени аныкталган. Имараттан чыга албай калгандардын көбү 25 жаштын ар жак-бер жагындагы кыз-келиндер эле. Кырсыктан кийин алардын иске ууланып каза болгону аныкталды. Россиянын Тергөө комитети өрт коопсуздугу боюнча эрежелердин бузулушу беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон.

Жаңылыктар түрмөгү
0