Кытайдагы клиниканын котормочусу Динара: бети түрүлүп жаткан кишиден аябай коркком

© Фото / Марко ДекичКытайдын Иньчуань шаарындагы эл аралык "КАРВАР" клиникасында котормочу жана директордун жардамчысы болуп эмгектенген Динара Ибраимова
Кытайдын Иньчуань шаарындагы эл аралык КАРВАР клиникасында котормочу жана директордун жардамчысы болуп эмгектенген Динара Ибраимова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чет өлкөдө ийгилик жараткан мекендешерди көргөн сайын чеке жылып кубанасың. Айылда туулуп, ааламга сапар алган Динара Ибраимова Кытайдын Иньчуань шаарындагы эл аралык "КАРВАР" клиникасында котормочу жана директордун жардамчысы болуп эмгектенет. Аталган клиникада пластикалык хирургия жана жүрөккө жасалуучу эң оор операциялар өтөт.

Динара Sputnik Кыргызстан агенттигине жетишкен ийгиликтери жана операция залында дарыгерлердин маегин которо албай "өзүн жоготкону" туурасында айтып берди.

— Алгач эле кайсы окуу жайдан билим алганыңызды сурагым келди…

— Бишкек гуманитардык университетинин кыргыз-кытай факультетинде эл аралык мамилелер боюнча окугам. Андан соң Кытайдын Иньчуань шаарына келип 2011-2015-жылдары Нинся университетинин юридика факультетинде окудум. Мектепте эле чет тилдерин жакшы окуп, тил үйрөнгөнгө кызыкчумун.

© Фото / Нина ГолюкДинара Ибраимова: Бишкек гуманитардык университетинин кыргыз-кытай факультетинде эл аралык мамилелер боюнча окугам. Андан соң Кытайдын Иньчуань шаарына келип 2011-2015-жылдары Нинся университетинин юридика факультетинде окудум. Мектепте эле чет тилдерин жакшы окуп, тил үйрөнгөнгө кызыкчумун
Кыргызстанка работающая переводчиком в Китае Динара Ибраимова - Sputnik Кыргызстан
Динара Ибраимова: Бишкек гуманитардык университетинин кыргыз-кытай факультетинде эл аралык мамилелер боюнча окугам. Андан соң Кытайдын Иньчуань шаарына келип 2011-2015-жылдары Нинся университетинин юридика факультетинде окудум. Мектепте эле чет тилдерин жакшы окуп, тил үйрөнгөнгө кызыкчумун

— Учурда иштеп жаткан клиникаңыз туурасында маалымат бере кетсеңиз?

— Клиниканы негиздеген россиялык ишкер 19 жыл мурун жүрөгүнө операция жасатуу үчүн дүйнөдөгү белгилүү эле дарыгерлерге кайрылса кабыл албай койгон экен. Акыры бир кореялык кардиохирург макул болуп трансплантация ийгиликтүү өтүптүр. Ошондон кийин ал мыкты кардиоборбор ачууну максат клып, 2013-жылы ишке ашырган. Учурда пластикалык хирургия жана жүрөккө жасалуучу эң оор операциялар ишке ашырылат. Дарыгерлер Корея, Сербия, Россия, Швейцвөария, Греция, Словения, Пекин, Шанхайдан келип иштешет.

— Сиз кантип орношуп калдыңыз?

Германиянын Гамбург шаарында жеке мектептин директору, кыргызстандык Азизбек Турдалиев - Sputnik Кыргызстан
Германиядагы мектеп директору Турдалиев: бул жакта мугалим болуу машакаттуу
— Магистратурада окуп жатканда ушул клиника КМШ өлкөлөрүнөн келген студенттерди практикадан өтүүгө чакырган. Ага 12-13 студент барып, натыйжада кыргызстандык эки кызды гана кабыл алышты. Бир жарым жыл окуу менен айкалыштырып иштеп жүрдүм. Ошол боюнча иштеп калып, катардагы котормочудан директордун жардамчысы болууга жетиштим. Орусчадан кытай тилине, кытай тилинен орусчага, мындан тышкары, англис тилинен кытайчага, кайра тескерисинче эркин котором.

— Алгачкы жумуш күнүңүз эсиңиздеби?

— Ал күндү такыр унутпасам керек… Биринчи келгенде эле директор жүрөккө операция жасалып жаткан залга алып кирип "дарыгерлер өз ара сүйлөшүп жатканда которуп турасың" деди. Мурда-кийин медицина тармагына аралашкан эмесмин, анысы аз келгенсип кытай тилин да толук өздөштүрө элек болчумун. Кирерим менен кан көрбөгөн жаным жүрөгүм түшүп, кулап кете жаздадым. Буга чейин мен укпаган терминдер менен сүйлөшөт, же анысын түшүнбөйм. Ары секирип, бери секирип "токтой тургула мен мунун билбейм" деп интернеттен карай калып, кара терге түшүп араң чыккам. Башында директорго "мен жакшы которо албайм, эгер бейтап бир нерсе болсо жоопкерчилиги эмне болот" десем, "коркпой эле кой" деп киргизип жиберген. Көрсө, директор биринчи келген адамды ушинтип сынайт экен.

© Фото / Аскат СатканкуловДинара Ибраимова: айылда жүргөндө эрте менен туруп апам менен талашып уй саачумун. Азыр ошол күндөрдү сагынып жетпей жүрөм
Динара Ибраимова: айылда жүргөндө эрте менен туруп апам менен талашып уй саачумун. Азыр ошол күндөрдү сагынып жетпей жүрөм - Sputnik Кыргызстан
1/3
Динара Ибраимова: айылда жүргөндө эрте менен туруп апам менен талашып уй саачумун. Азыр ошол күндөрдү сагынып жетпей жүрөм
© Фото / Неманья ИличДинара Ибраимова: жалпы төрт котормочу иштейбиз. Дарыгерлер ар өлкөдөн келип иштегендиктен операция учурунда орусчадан кытайчага, англисчеге которуп беребиз.
Динара Ибраимова: жалпы төрт котормочу иштейбиз. Дарыгерлер ар өлкөдөн келип иштегендиктен операция учурунда орусчадан кытайчага, англисчеге которуп беребиз. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Динара Ибраимова: жалпы төрт котормочу иштейбиз. Дарыгерлер ар өлкөдөн келип иштегендиктен операция учурунда орусчадан кытайчага, англисчеге которуп беребиз.
© Фото / Андрей ХоленкоКлиникада уюштурулган маданий иш-чарага катышып, Динара дарыланып жаткан бейтап белгилүү кытай сүрөтчүсү менен “Катюша” ырын дуэт аткарууда
Клиникада уюштурулган маданий иш-чарага катышып,  Динара дарыланып жаткан бейтап белгилүү кытай сүрөтчүсү менен “Катюша” ырын дуэт аткарууда - Sputnik Кыргызстан
3/3
Клиникада уюштурулган маданий иш-чарага катышып, Динара дарыланып жаткан бейтап белгилүү кытай сүрөтчүсү менен “Катюша” ырын дуэт аткарууда
1/3
Динара Ибраимова: айылда жүргөндө эрте менен туруп апам менен талашып уй саачумун. Азыр ошол күндөрдү сагынып жетпей жүрөм
2/3
Динара Ибраимова: жалпы төрт котормочу иштейбиз. Дарыгерлер ар өлкөдөн келип иштегендиктен операция учурунда орусчадан кытайчага, англисчеге которуп беребиз.
3/3
Клиникада уюштурулган маданий иш-чарага катышып, Динара дарыланып жаткан бейтап белгилүү кытай сүрөтчүсү менен “Катюша” ырын дуэт аткарууда

— Көнүп кетүү бир топ эле кыйын болгон окшойт…

— Ооба. Жумушта ар кандай учурлар болот. Башында жүрөккө жакын ала берип кыйналып жүрдүм. Башка ооруканалар кабыл албай койгон бейтаптардын өмүрүн сактап калганда чекең жылыса, биз менен сүйлөшүп, ойноп кирип кеткен жаш балдар операциядан чыкпай калганда аябай жаман болобуз.

— Кыргызстандан барып кайрылгандар болобу?

— Азырынча атайын келгендер жок. Бирок мен жетекчилик менен сүйлөшүп Кыргызстандан жардамга муктаж эки-үч баланын жүрөгүнө акысыз операция жасатуу боюнча макулдугун алгам. Өз ара алып келүүгө камынып жатсам апам "жакшылык кылам деп өзүңө жалаа жаап алба, эгер ийгиликтүү болбой калса, сен күнөөлүүдөй болуп каласың" деп кооптонуп токтотуп койду. Эми мамлекеттик мекемелер менен биргеликте иштешүүнү сүйлөшүп жатам.

— Кыргызстандан дарыгерлерди да чакырып турат деп уктук…

Twitter компаниясында иштеген Наргиза Абдубалиева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Twitter компаниясында иштеген Наргиза ийгилик сыры менен бөлүштү
— Бул жакта эл аралык конференция өтүп Кыргызстандан төрт кардиолог, хирург чакыргам. Бир дарыгерибиз жумуш тажрыйбасы туурасында айтканда баарынын оозу ачылып отуруп калган. Биздин директор да жакшы баа берип, дароо эле клиникага келип иштөөгө чакырды. Ал бир жума жүрдү эле операция жасатууга кезекке туруп калышты. Бирок Кыргызстанда жумушу көп экенин айтып, иштөөдөн баш тартып койгон. Азыр эки жумада бир келип иштөө боюнча келишим түзүп жатабыз.

— Шарттары кандай?

— Биздики эл аралык клиника болгондуктан мамлекеттик ооруканаларга салыштырмалуу акы эки-үч эсе көп алынат. Ал эми дарыгерлер бир топ эле жогору алышат. Арасында жумасына 60 миң доллар алган дарыгерлер бар. Ал эми өзүмдүн айлыгым Кыргызстандагы орточо айлыктан төрт-беш эсе көбүрөөк десем болот. Мындан сырткары, жатакана, тамак-аш — баары бекер. Кыргызстанга жылына эки жолу барабыз. Билет, визаны дагы өздөрү алып беришет. Ошондой эле жумуштап Европага чыгып турабыз. Азыр түрк тилин да акырындан үйрөнүп жатам.

— Сөздөрдү туура эмес которуп алган учурлар кездешеби?

— Андай окуялар башында көп эле болгон. Жакшы жери — туура эмес которсоң деле баары бир өзүңдөн башка эч ким билбейт да (күлүп). Жалпы төрт котормочу иштейбиз "бирөө жаңылып калса, ачыкка чыгарбоо" деген өз ара мыйзамдарыбыз бар. Байкап калсак, бири-бирибизге көз кысып коюп уланта беребиз. Кээде орусча сөгүнсө, урушуп кетпесин деп кытайларга жакшы сөз менен которуп коёбуз. Бир ирет иш-чарада директор сүйлөп жатып орусча макал айтты, анысын сөзмө-сөз которо албай, маанисин айтыңыз десем "алгач сен котор" дейт, кытайларда буга окшош макал жок десем да түшүнбөй, экөөбүз сахнада туруп айтышып кеттик. Кытайлар түшүнбөй эле карап отуруп калышкан.

© Фото / предоставлено Динарой ИбраимоваөойДинара Ибраимова: мурунтан эле кечирээк үй-бүлө курсам деп ниет кылчумун. Балким, эрте турмушка чыгып кеткенде бул жакта иштебей калат белем… Учурда сүйлөшкөн жигитим бар. Ар бир нерсенин өз убагы болот деп ойлойм
Кыргызстанка работающая переводчиком в Китае Динара Ибраимова - Sputnik Кыргызстан
Динара Ибраимова: мурунтан эле кечирээк үй-бүлө курсам деп ниет кылчумун. Балким, эрте турмушка чыгып кеткенде бул жакта иштебей калат белем… Учурда сүйлөшкөн жигитим бар. Ар бир нерсенин өз убагы болот деп ойлойм

— Кызыктуу окуялар да көп болсо керек…

— Укмуштуудай пластикалык операциялардын баары бар. Бетин түрүп салып көзү, мурдун жасап жатканын көргөндө жүрөгүң түшөт. Анан жыныстык органдарына операция жасатууга келген бейтап менен хирургдун маегин которуу бир чети күлкүлүү, бир чети азап да. Башында баш көтөрө албай уялып жүрдүм.

— Үй-бүлөңүз туурасында айта кетсеңиз?

Польшанын Варшава шаарындагы эл аралык CBRE компаниясында финансы боюнча аналитик болуп эмгектенген, кыргызстандык Чолпон Мукамбетова - Sputnik Кыргызстан
Польшада иштеген Чолпон: Европада кыргыздыкындай үй-бүлөнү ыйык тутуу сезими жок
— Жумгал районунун Чаек айылында 1987-жылы туулгам. Ата-энем агартуу тармагында эмгектенишет. Беш бир тууганмын, үчөө үй-бүлөлүү. Айылда жүргөндө эртең менен туруп апам менен талашып уй саачумун. Азыр ошол күндөрдү сагынып жетпей жүрөм. Сиздердин сайтка"латыш келин Ат-Башыга барып уй саады" деп чыккан макаланы окуп аябай суктанып койгом.

— Өзүңүз турмуш курууну качанкыга пландап жатасыз?

— Мурунтан эле кечирээк үй-бүлө курсам деп ниет кылчумун. Балким, эрте турмушка чыгып кеткенде бул жакта иштебей калат белем… Учурда сүйлөшкөн жигитим бар. Ар бир нерсенин өз убагы болот деп ойлойм.

Жаңылыктар түрмөгү
0