Милиция унаасы Бишкектеги жол чыракты сүзүп кетти. Жеринен алынган видео

Жазылуу
Милиция кызматкерлери мушташ чыкты деп чакыруу түшкөн кафеге бара жатышкан. Алдын ала маалымат боюнча айдоочу жолдун тайгагынан улам рулду башкара албай калган.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Кайгуул милициясынын автоунаасы Бишкектеги жол чыракты сүзүп кеткенин Sputnik Кыргызстан агенттигине окуяга күбө болгон окурман билдирди.

Анын айтымында, окуя Фрунзе менен Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Видеодо Кайгуул милициясынын унаасы менен жанында жаткан жол чырактын түркүгү даана көрүнүп турат.

Шаардык Кайгуул милиция башкармалыгы бул маалыматты тастыктады.

"Унаа 6-апрель түнү чакырууга бара жаткан. Ага чейин кафелердин биринде мушташ чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Айдоочу рулду башкара албай, жол чырактын түркүгүн сүзгөн. Кырсыктан эч ким жабыркаган жок", — деп айтылат билдирүүдө.

Медициналык текшерүү айдоочу менен калган милиция кызматкерлери соо экенин көрсөткөн.

Учурда бул боюнча кызматтык териштирүү башталды.

Эгер кандайдыр бир окуяларга күбө болуп, сүрөт, видео тартсаңыз Sputnik Кыргызстан агенттигинин 0706 566 544 WhatsApp номери аркылуу билдириңиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0