БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев Дача айылындагы авиакырсыктан курман болгондордун туугандары менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Жолугушууда Абулгазиев түрк компаниясы тарабынан төлөнүүчү компенсация тууралуу маалымат берди.
"Биринчи вице-премьер жабыркагандарга жардам берүү максатында өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине 600 миң АКШ доллары (42 млн. сомдой) каражат топтолгонун айтты. Ошондой эле түрк тарап да тез аранын ичинде компенсацияларды төлөп берерин белгилеп, жабыркагандарга юридикалык маселелерди чечүүгө өкмөт ар дайым көмөк көрсөтөрүн кошумчалады", — деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 16-январда "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача айылына жүк ташуучу Boeing 747 учагы кулап, 39 киши каза болгон.