Токтосун Тыныбековдун 90 жылдыгына карата акындардын айтышы өтөт

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкын-импровизатор Азамат Болгонбаев
Акын-импровизатор Азамат Болгонбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айтышка Кыргызстандын ар кайсы региондорунан тандалып алынган 16 акын катышат.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Төкмө жана жазма акын, комузчу, ооз комузчу, обончу Токтосун Тыныбековдун 90 жылдыгына карата 1-май күнү республикалык айтыш Аксы районунун Тегене айылында өтө турганын Токтосун Тыныбеков атындагы коомдук фонддун төрагасы Шекербек Адылов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, быйылкы Ыйман, адеп жана маданият жылына карата өткөрүлчү бул иш-чарага аталган фонддон тышкары Маданият, маалымат жана туризм министрлиги демилгечи болууда.

"Тегене айылы — акындын кичи мекени, ошол себептүү айтышты мында өткөрүүнү чечтик. Айтышка Кыргызстандын ар кайсы региондорунан тандалып алынган 16 акын катышат", — деди Адылов.

Айтыштын байге фонду 500 миң сомду түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0