Жээнбеков Ветеринардык коопсуздук инспекциясынын ишине нааразы болду

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевGремьер-министр Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ош аймактык ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты
Gремьер-министр Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ош аймактык ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр өкмөттүн ишмердүүлүгүндөгү негизги приоритеттүү багыттардын бири болуп инфраструктураларды ЕАЭБ талаптарына ылайыктоо, аны менен катар лабораториялык системалар менен камсыздап, фитосанитардык чараларды көрүү эсептелерине токтолду.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Ош аймактык ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борборун ишке киргизүү үчүн тез арада керектүү жабдууларды жеткирүү керек. Мындай тапшырманы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумакановго берди.

Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча премьер-министр Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ош аймактык ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

"Аймактык ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борборун керектүү техникалык жабдуу менен камсыз кылуу маселесинин кечеңдешинен улам ата мекендик экспортелордун ишине тоскоолдуктар жаралууда", — деди Жээнбеков.

Ал тапшырманы убагында аткарбагандыгы жана борборду ишке киргизбегендиги үчүн Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын, Ош аймактык ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борборунун ишин сынга алды.

Аталган инспекциянын директору Калысбек Жумаканов бардык актуалдуу маселелер кыска убакыт аралыгында чечилерин айтты.

Открытие обновленного аэровокзального комплекса международного аэропорта Ош - Sputnik Кыргызстан
Ош аэропортунун жаңыланган терминалынын көрүнүшү
Премьер-министр өкмөттүн ишмердүүлүгүндөгү негизги приоритеттүү багыттардын бири болуп инфраструктураларды ЕАЭБ талаптарына ылайыктоо, аны менен катар лабораториялык системалар менен камсыздап, фитосанитардык чараларды көрүү эсептелерине токтолду. Бул багытта жалпы республика боюнча ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды модернизациялоо иштери жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, буга чейин Жээнбеков өлкөдөгү тамак-аш азыктарында, калк колдонгон товарлар арасында, айлана-чөйрө жана үй жаныбарларында эпизоотикалык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн өлкөдө этабы менен ветеринардык лабораториялардын курулушун ишке ашырууну тапшырган.

Биринчи этапта Ош жана Бишкек шаарларында ветеринардык лабораторияларды реконструкциялоо иштери аягына чыгат. Экинчисинде Талас, Баткен, Каракол жана Балыкчы шаарларында аймактык ветеринардык лабораторияларды куруу, ошондой эле иштеп жаткан 13 мекемени модернизациялоо иштери жүргүзүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0