Жубайларга байланыштуу 11 "болбойт"

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүЖаш жубайлар. Архив
Жаш жубайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бирге түтүн булатып, бир жаздыктан чачыбыз агарсын деген тилек менен баш кошкон жубайлар ортосунда өздөрүнө тиешелүү жазылбаган мыйзамдар бар. Ата-бабалардан калган салттык эрежелерге таянсак, аял үйдө эркектин жаманын жашырып, жакшысын арттырышы керек болсо, эркек аялын бапестеп багып, ага аяр мамиле жасай билүүсү кажет.

Sputnik Кыргызстан агенттиги тарыхчы Гүлзада Абдалиеванын жардамы менен илгеркиден сакталып келе жаткан жубайлар ортосундагы салттык эрежелерге саресеп салып көрдү.

Аялы күйөөсүнүн атынан айтчу эмес. Илгери кыз бала келин болуп келгенден тарта жолдошун атынан атабай, "байым", "кожоюн", "абышка", "жанагы", "от ээси", "атасы" деп тергеген.

Улуттук кийим кийген аялдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кайната-кайненеге тиешелүү 12 "болбойт"
Жубайлар эл көзүнчө урушпайт. Казан-аяк кагышпаган үй-бүлө болбойт, жубайлар айрыкча үйгө конок келип калганда, же конокко барган учурда бири-бирине акаарат келтирип же айтышып урушкан эмес. Бул биринчиден конокторду ыңгайсыз абалга алып келсе, экинчиден эл көзүнчө урушуу маданияттуулукка жатпайт.

Жаңы жасалган тамактан үй ээси ооз тиймейинче башкаларга берилбейт. Эгер тамак бышып жолдошу үйдө жок болуп калса, ага алгач өзүнчө идишке салып коюп, андан соң үйдөгүлөр тамактанат.

Күйөөсү аялына кол көтөрбөйт. Кыргыздар илгертеден аялга өзгөчө мамиле жасап, чыныгы эркек аялга эч качан кол көтөргөн эмес. Ата-эне кызын аманат кылып, күйөө баласына ишенип беришкен.

Балдарынын көзүнчө урушпайт. Эч качан ата-эне балдардын көзүнчө ырылдап-ызылдап жаман сөз менен урушкан эмес. "Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат" дегендей ата-эне балдарга үлгү болуп, жубайлар ич ара мамилесин өздөрүнчө чечишип алуулары керек.

"Абышкасы" аялына оор жумуш жасатпайт. Сырттагы оор жумуштарды аял киши жасаган эмес. Алсак, отун жарып, мал союп, короо тазалаган милдет аялга тиешеси жок оокат болгон. Тукум улаган аялзатына кыргыздар башынан аяр мамиле жасап келген.

Аял киши жолдошуна кыйкырбайт. Күйөөсүн урматтаган аялды эл да ошончо сыйлаган. Кыргызда кыз-келиндер ар дайым назик, ийменчээк болуп сыпатталгандыктан, күйөөсүнө акырын сүйлөп, ага сый мамиле кылган аялды эркек да ошончо баалап турат.

Плов бышырып жаткан эркен адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Туугандарды туура атай аласызбы? Алактап калбайм десеңиз, тесттен өтүңүз
Жөнү жок кызганышпайт. Жөнсүз кызгануу үй-бүлөнүн ыдыроосуна алып келген. Мындан улам жубайлар бири-бирин кызганууга да жол бербей, бири-биринен сыр катпай эриш-аркак болуп жашоого тийиш.

Зайыбы күйөөсүнөн биринчи төргө өтпөйт. Үйдө болобу же конок, той-ашка барып калган учурдабы, эч качан зайыбы күйөөсүнөн мурда төргө же өйдө жакка отурган эмес. Жашы өтүп калган учурда да төр жакка абышкасын өткөрүү ага болгон сыйдан кабар берген.

Эркек аялдын оокатына кийлигишпейт. Эркек эшикте, аял үйдө. Үй оокаттарына кийлигишип, терип-тепчип аялдын жумушун жасаган эркек эл көзүнө жат көрүнгөн.

Бири-бирин кемсинтпейт. Аял-эркектин бири-бирин кемсинтүүсү өздөрүн сыйлабагандык деп саналган. Аял-эркектин ортосунда сый мамиле сакталып, бири-бирине эриш-аркак мамиле болгондо гана ошол үйдө адептүү балдар тарбияланып, туруктуу жана бактылуу үй-бүлө курулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0