Милиция: "Ала-Тоо" аянтынан шектүү буюм көрсөңүз, тийбеңиз!

Жазылуу
Бишкек милициясы шаардыктар менен калаа конокторун 7-апрель күнү аянттан шектүү буюм көрсө, дароо милициянын 102 номуруна чалуу керектигин айтууда.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Коопсуздук жана тартипти сактоо максатында милиция республика боюнча күчөтүлгөн режимде иштөөгө өттү. Бул туурасында Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Монумент памяти погибших за свободу народа во время Аксыйских событий 2002 года и Апрельских событий 2010 года, расположенному на центральной площади Ала-Тоо столицы республики. - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте Апрель окуяларына арналган иш-чара өтөт
Коомдук-саясий абалды туруксуздаштырып жиберүүгө бөгөт кое турган ыкчам штаб түзүлүп, андан сырткары, бүгүнтөн баштап алдын алып эскерткен жана ыкчам-издөө кызматтары иштейт.

Апрель революциясын майрамдык иш-чаралары учурунда борбордук "Ала-Тоо" аянтынын кире беришинде милициянын атайын кызматтары металл тапкыч менен элди текшерип киргизет.

"Жол боюнда, турак үйлөрдүн жанында, токтоп турган унаалардын жанында, коомдук транспортто, коомдук жайларда, шектүү жана ээси жок жаткан буюмдарды көрсөңүз, ага тийбеңиз. Дароо милицияга, 102 номуруна чалгыла", — деп айтышты шаардык милициядан.

Мындан сырткары, шаардык ИИББден элдин майрам учурунда борбордук көчөлөр убактылуу жабыла тургандыгын айтышты.

Бул күнү Киев көчөсү менен Чүй проспектиси Тоголок Молдо көчөсүнөн тарта Эркиндик проспектисине чейин жабык болот.

Жол кыймылына таң эртеден тарта түн ортосуна чейин чектөө киргизилет.

Эмгек кодексине ылайык, 7-апрель эс алуу күнү.

Жаңылыктар түрмөгү
0