Бишкекте Апрель окуяларына арналган иш-чара өтөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМонумент памяти погибших за свободу народа во время Аксыйских событий 2002 года и Апрельских событий 2010 года, расположенному на центральной площади "Ала-Тоо" столицы республики.
Монумент памяти погибших за свободу народа во время Аксыйских событий 2002 года и Апрельских событий 2010 года, расположенному на центральной площади Ала-Тоо столицы республики. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
7-апрель жыл сайын белгиленүүчү мамлекеттик деңгээлдеги майрам катары эс алуу күнү болуп эсептелинет.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. 7-апрель күнү "Ала-Тоо" аянтында Апрель революциясына арналган иш-чара өтөрүн өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Бул күн жыл сайын белгиленүүчү мамлекеттик деңгээлдеги майрам катары эс алуу күнү болуп эсептелинет. Мындан улам өлкө жетекчилиги, 2010-жылы 7-апрелде каза болгон жарандардын жакындары, жарадар болгондор "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинен курман болгондорду эскеришет.

"Саат 13.00дө "Ала-Тоо" аянтында Бишкекте Апрель окуяларына арналган иш-чара тартууланып, аягында Кыргызстандын алдыңкы өнөрпоздору катышкан концерт сунушталат", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Бишкектин борборунда ар кандай маданий иш-чаралар өтүп, бул күн майрамдык салют менен жыйынтыкталат. 7-апрель Ош шаарында жана облус менен район борборлорунда да белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0