Германиядагы мектеп директору Турдалиев: бул жакта мугалим болуу машакаттуу

© Фото / Alsterbildungsring e.VГерманиянын Гамбург шаарында жеке мектептин директору, кыргызстандык Азизбек Турдалиев
Германиянын Гамбург шаарында жеке мектептин директору, кыргызстандык Азизбек Турдалиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чет өлкөгө чыгып, ийгилик жараткан кыргыздардын уучу кур эмес. Алардын бири Азизбек Турдалиев Германиянын Гамбург шаарында жеке мектепте менеджер (директор) болуп иштейт. Бөтөн өлкөдө башкаруучулук кесипти аркалаган мекендеш менен кесиптешибиз Исмаил Мамытов баарлашып, ал жактагы билим системасы, мугалимдердин маянасы тууралуу билип көрдү.

Турдалиев 1980-жылы Каракол шаарында төрөлгөн. Кыргыз улуттук университетинде эки жыл билим алып, Германиянын Бремен шаарына келген. Алгач немис тилин үйрөнүп, менеджмент адистиги боюнча билим алган да, Alsterbildungsring e.V. компаниясында иштеп, 2015-жылдан бери Гамбург шаарындагы жеке мектепте менеджер катары иштеп келе жатат. Учурда эки уулдун атасы.

— Германияга кантип барып калдыңыз?

— Жакын досум чакырган. Бул жакта жакшы шарттар бар, келип окуса болот дегенинен баса бергем.

© Фото / Alsterbildungsring e.VГерманиянын Гамбург шаарында жеке мектептин директору Азизбек Турдалиев
Директор школы в городе Гамбург, кыргызстантец Азизбек Турдалиев - Sputnik Кыргызстан
Германиянын Гамбург шаарында жеке мектептин директору Азизбек Турдалиев

— Эл-жерди сагынуу, кусалануу деген нерсени кантип жеңдиңиз?

— Алгач ата-энемди, Кыргызстанды сагынып кыйналып жүрдүм. Нечен ирет кетким келди. Бирок "эл эмне дейт" деп намыстандым. Ошондон улам эле калып калдым окшойт. Башка кыйынчылыктардан татыктуу эле өттүм.

— Немис калкы бизден эмнеси менен айырмаланат экен?

— Эми немистерден көп нерсе үйрөнсө болот. Булар абдан эмгекчил болушат экен. Убакытты өтө үнөмдөп, план менен гана иш кылат. Мындан сырткары, жумуштун майын чыгарып жасап, так жүрүшөт. Эгерде бир иш жасай албай турган болсо, ачык эле колунан келбей турганын айтат.

— Ал жакта билим берүү системасы кандай?

Twitter компаниясында иштеген Наргиза Абдубалиева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Twitter компаниясында иштеген Наргиза ийгилик сыры менен бөлүштү
— Германиянын билим берүү системасы Кыргызстандыкына караганда татаал. Федеративдүү республика болгондуктан ар бир округдун өз мыйзамдары бар. Ошондуктан билим берүү системасын түшүнүү да кыйын. Негизгиcи — билим берүүнүн сапаты өтө жогору. Мугалим болуу үчүн беш жыл жогорку окуу жайда окуп, атайын экзамен тапшыруу керек. Андан өтүп кетсең эки жыл мектепте сыноо мөөнөтү болот. Аны аякташың менен экинчи ирет экзамен тапшырасың. Эгерде экинчи экзамен ийгиликтүү тапшырылса гана мугалимдик кесипке ээ болосуң. Ушундай эле система менен дарыгерлер менен юристтер да иштей баштайт. Бул жакта ушул үч кесипке ээ болуу кыйын. Негизи эле университетке өтүү оңой эмес. 12-13 жыл мектепте окугандар гана университетке өтө алат. Ал эми кесиптик лицейлерге өтүү үчүн 10 жыл окушуң керек.

— Ишмердүүлүгүңүз тууралуу айтып берсеңиз…

— Мен жеке мектепте менеджер, биздин тил менен айтканда директор болуп иштейм. Бул жакта эки директор болот. Бири педагогикалык маселелер менен алектенсе, экинчиси юридикалык, каржы, пиар жана маркетинг жагын карайт. Мен экинчи тармакты жетектейм. Жогорудагы санап кеткен маселелерди чечүү менин мойнума жүктөлгөн. Буюрса, татыктуу эле иштеп келе жатам.

— Германияда мугалимдердин айлыгы азбы же кандай?

— Республика боюнча 16 федаративдүү аймак бар. Ар аймакта мугалимдердин маянасы ар башка. Мындан тышкары, айлык класстарга жараша бөлүнөт. Мисалы, төмөнкү класстарга сабак бергендер азыраак алат. Мен иштеген Гамбург шаарында 5-класска сабак бергендер 3100 евро (226 миң 300 сом) алат. Анын 40 пайызы салыкка кетет. Бул мамлекеттик мектептер. Жеке мектептерде иштегендер деле ушундай эле маяна алышат. Жакшы жагы, жыл өткөн сайын айлык акы көбөйө берет.

— Германияга барууну каалагандарга кеңешиңиз?

Польшанын Варшава шаарындагы эл аралык CBRE компаниясында финансы боюнча аналитик болуп эмгектенген, кыргызстандык Чолпон Мукамбетова - Sputnik Кыргызстан
Польшада иштеген Чолпон: Европада кыргыздыкындай үй-бүлөнү ыйык тутуу сезими жок
— Германия десе эле биздикилер бейиштей көрүшөт. Бул жакта эч нерсе бекер берилбейт. Эмгектин арты менен гана натыйжа болот. Жаштарыбызга айтаарым, окуусун бүтүрүп алып анан келишсе жакшы болот. Анткени бул жакка келип тил үйрөнүп анан окууга тапшырам дегендердин экзаменден өтпөй калгандары көп. Алар ара жолдо калышат. Негизгиси программисттерге жумуш көп. Бирок тил билиши керек. Немис тилин билбесең ишке кирүү өтө кыйын.

— Эмнени көбүрөөк сагынасыз?

— Бишкек шаарын, анан Ысык-Көлдү сагындым. Ата-энем жана жакындарымды сагындым. Казанда кайнаган эт менен самоордогу чай көздөн өтүп жатат. Бирок чынын айтсам мекениме качан кайтарымды азырынча билбейм.

Жаңылыктар түрмөгү
0