Петербургдагы жардырууга шектүүнүн жашаган жери тинтүүгө алынды

© Sputnik / Анна Волкова / Медиабанкка өтүүВзрыв в метро в Санкт-Петербурге
Взрыв в метро в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Санкт-Петербургдагы жардырууга шектүүнүн жашаган жери аныкталып, үйү тинтүүгө алынды. Бул тууралуу РИА Новости Россиянын тергөө комитетинин расмий өкүлү Светлана Петренкого шилтеме берүү менен жазып чыкты. 

Белгилей кетсек, 3-апрелде Санкт-Петербургда болгон жардырууга шектелип жаткан Акбаржон Жалилов Кыргызстанда төрөлгөнүн Улуттук коопсуздук комитети ырастаган. Анын жакындары УКМКнын Ош облустук башкармалыгында сурак беришкени дагы маалым болгон.

"Шектүүнүн жашаган жери аныкталып, үйү тинтүүгө алынды. Сырткы видеобайкоо камерасынан анын үйдөн рюкзак жана баштык көтөрүп чыгып кеткенин көрүүгө болот. Мындан сырткары, 40ка чукул адам сурак берип, далил катары тиешелүү буюмдар алынды", — деди Петренко.

Жардыруудан 14 адам каза болуп, 50 чукул киши жаракат алган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0