Элчилик: Петербургдагы жардыруудан КР жарандары жаракат алган жок

© Sputnik / Александр Тарасенков / Медиабанкка өтүүВзрыв в метро в Санкт-Петербурге
Взрыв в метро в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин жардыруудан каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок экени маалым болгон.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Санкт-Петербургдагы метродо болгон жардыруудан Кыргызстандын жарандары жок экенин КРдин Россиядагы элчилигинен кабарлашты.

"Санкт-Петербург шаарынын администрациясы менен ӨКМдин акыркы маалыматына караганда, жардыруудан жаракат алгандардын арасында кыргызстандыктар жок", — деп элчиликтин маалыматында айтылат.

Цветы в память о погибших в метро Санкт–Петербурга - Sputnik Кыргызстан
Петербургдагы жардыруудан улам үч күндүк аза күтүү жарыяланды
Буга чейин жардыруудан каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок экени айтылган.

Белгилей кетсек, 3-апрелде Петербургдагы "Сенная площадь" жана "Технологический институт" метро станцияларынын ортосунда жардыруу болгон.

Россиянын терроризмге каршы күрөшүү улуттук комитетинин билдиришинче, жардыруудан акыркы маалыматтар боюнча 11 киши каза болуп, элүүгө жакын киши түрдүү жаракаттарды алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0