Аалымдар кеңеши муфтий талапкерлиги баш болгон бир нече маселени талкуулоодо

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүТеспе кармаган адам. Архив
Теспе кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыйында 21 адамдан турган курам эртеңки курултайга муфтияттык орунга ат салышып жаткан эки талапкердин бирин тандап, сунуштамакчы.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Борбор калаада Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин жыйыны өтүп жатат. Алар эртеңки боло турган мусулмандар курултайынын күн тартибин бекитүү башында турган бир нече маселелерди талкуулашууда. Бул туурасында муфтияттан кабарлашты.

"Жыйында 2014-2020-жылга карата кабы алынган дин концепциясын оптималдаштыруу, имамдардын билимин жогорулатуу, конфессиялар арасындагы ынтымактуу бекемдөө маселелери ортого салынды", — деп билдиришти муфтияттан.

Мечит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда муфтий кантип шайланат. Каттоодон курултайга чейинки жол
Бүгүнкү Аалымдар кеңешинин жыйынында 21 адамдан турган курам эртеңки курултайга муфтияттык орунга ат салышып жаткан эки талапкердин бирин тандап, сунуштайт.

Эске сала кетсек, мындан бир айга чукул убакыт мурда Кыргызстан мусулмандан дин башкармалыгынын башчылыгына сынак жарыяланып, ага талапкерлер каттала баштаган. 

Учурда талапкер шайлоого катышууда. Алардын бири — Кыргызстандын учурдагы муфтийи Максатбек Токтомушев, экинчиси — Ниязали Арипов.

Жаңылыктар түрмөгү
0