Корея террорчуларды камоодо Кыргызстандын тажрыйбасын үйрөнүү ниетинде

© Sputnik / Табылды КадырбековСпецкомплекс для осужденных на пожизненное лишение свободы в исправительной колонии №19 в Сокулукском районе
Спецкомплекс для осужденных на пожизненное лишение свободы в исправительной колонии №19 в Сокулукском районе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түштүк Кореянын жаза аткаруу мекемесинин өкүлдөрү бир нече абактарга, анын ичинен террорчулар менен экстремисттер отурган жайларга да барды.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Түштүк Корея эгерде муктаждык болуп калса экстремизм боюнча кесилгендерди камоо тажрыйбасын пайдаланышы мүмкүн. Бул туурасында КРдин Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматынан кабарлашты.

Досмотр передачи, предназначенной для осужденного колонии №47 - Sputnik Кыргызстан
Абакка шампундун бөтөлкөсүнө телефонду батырып киргендер айраң-таң кылды
Маалыматка ылайык, ЖАМК төрагасы Таалайбек Жапаров Түштүк Кореянын Юстиция министрлигинин алдындагы Жаза аткаруу башкы башкармалыгынын окуу борборунун жетекчиси Бүнжил Парк жана анын орун басары Жаюн Жун менен жолукту.

Түштүк Кореядан келгендер бир топ абактарды кыдыргандан кийин баңгизаттарын колдонгондорду, экстремисттик жана террорчулук үчүн кармалгандарды өзүнчө отургузган ыкманы көрүү аларга пайдалуу болгонун айтышкан.

"Түштүк Кореянын өкүлдөрү диний экстремизм үчүн соттолгондор жок экендигин жана эгерде андай учурлар болсо Кыргызстандын ыкмасын колдонушаарын айтышты", — деп кабарланган маалыматта.

Коноктор Кыргызстан менен Кореянын жаза аткаруу мекемелеринин ортосундагы кызматташуу боюнча диалогду улантууга ниеттерин билдиришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0