Россиянын муфтийлер кеңешинин башчысы: Кыргызстанда таланттуу адамдар жашайт

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүОткрытие после реконструкции главной мечети Москвы
Открытие после реконструкции главной мечети Москвы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкекте 1-апрелде жаңы мечит ачылды. Курулушу 23 жыл мурун эле башталып, ортодо белгисиз себептер менен токтоп калган. Мечиттин ачылыш аземине Равил Гайнутдин катышып, аны мыкты салынганын баса белгиледи.

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Кыргызстанда эмгекчил, таланттуу адамдар жашайт. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Россиянын муфтийлер кеңешинин төрагасы Равиль Гайнутдин билдирди.

Борбор калаада Махмуд ал-Кашкари атындагы мечит ачылып, Гайнутдин анын ачылыш аземине келген.

Маалымат жыйында Россиянын муфтийлер кеңешинин төрагасы мечит жогорку деңгээлде курулганын баса белгиледи.

"Мечиттин курулушун карап отуруп, Кыргызстанда мээнеткеч, эмгекчил, таланттуу адамдар жашарын байкадым. Россия эки өлкөнүн экономикасын көтөрүш үчүн Кыргызстандын курулушчуларын жумушка чакыра бермекчи. Мусулман бир туугандар биз жакка барып жатканына кубанычтабыз", — деди муфтий.

Ал Россияда жүргөн кыргызстандыктар бардык шарты менен иштеп жана жашап жатканын баса белгилеп, аны менен катар ата-мекениндеги үй-бүлөсүн да багып жатканын кошумчалады.

"Махмуд ал-Кашгари" мечитинин асмандан көрүнүшүн Sputnik Кыргызстан видеосунан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0