Кардын айынан мөөнөтү жылган Бишкектеги ишембилик эртең болот

© Фото / пресс-служба мэрии города БишкекШаар тургундары ишембилик учурунда. Архив
Шаар тургундары ишембилик учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул ишембилик 18-мартка белгиленип, бирок ошол учурда кар кетпей койгонуна байланыштуу кийинкиге жылдырылган.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Эртең Бишкек шаарында жалпы шаардык ишембилик өтөөрүн муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

Премьер-министр КР Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: көчөттөргө жакшылап кам көрсөк, Кыргызстан эчак жунглидей жашыл болмок
Ишембилик мэриянын токтомуна ылайык, шаардын санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу жана суу өтүүчү арыктарды тазалоо максатында уюштурулууда. Иш чарага мэрия кызматкерлеринен тышкары, шаар тургундары дагы тартылат.

Өзгөчө басым имараттарга жакын жерлердеги арыктарга, сейил бактарга жана скверлерге жасалат.

Мекемелердин тазалоочу аймактары райондук администрация тарабынан бөлүштүрүлөт.

Эске салсак, бул ишембилик 18-мартка белгиленип, ошол кезде кар кетпей койгонуна байланыштуу кийинкиге жылдырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0