Милиция Илим Карыпбеков кабылган кырсыкты иликтөөнү токтотту

© Sputnik / Эркин АлымбековДТП с Илимом Карыпбековым
ДТП с Илимом Карыпбековым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КТРКнын жетекчиси 1-март күнү унаасы менен түркүктү сүзүп, ооруканага оор абалда жеткирилген. Учурда абалы жакшы.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Коомдук телерадиокорпорациясынын (КТРК) жетекчиси Илим Карыпбеков кабылган жол кырсыгы боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө токтотулганын Бишкек шаардык Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Эске салсак, 1-мартка караган түнү Карыпбеков Бишкектеги Аалы Токомбаев көчөсү менен Range Rover машинасын айдап келе жатып, жол четинде турган түркүктү сүзгөн. Ооруканага оор абалда жеткирилип, бир ирет жүрөгү токтоп, дарыгерлердин жардамы менен кайра калыбына келтирилген.

Карыпбеков ооруканадан 26-март күнү чыккан.

"Кырсык боюнча бир дагы адам доомат койбогондуктан кылмыш иши токтотулду. Карыпбеков дагы ишти иликтөө боюнча берген арызын кайтарып алды", — деп айтылат маалыматта.

КТРКнын жетекчиси 28-март күнү президент Алмазбек Атамбаевдин кабылдоосунда болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0