Жер көчкү алдында калгандардын жакындарына акчалай жардам берилди

© Фото / пресс-служба МЧС КРУстановка палаток в селе Ничке-Сай
Установка палаток в селе Ничке-Сай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
26-мартта таңга жуук Ош облусунун Өзгөн районундагы Ничке-Сай айылынын Топ-Жаңгак участкасында жер көчүп, бир турак жайды басып, төрт балалуу үй-бүлө көчкү алдында калган.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Ош облусунун Өзгөн районунун Ничке-Сай айылындагы Топ-Жаңгак тилкесинде жер көчкү басып калган Өмүрзак Эгемкуловдун жакындарына материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу облус жетекчилигинин администрациясы билдирди.

Жер көчкү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзгөн: жер көчкү жүргөн аймактын жашоочулары соттун чечими менен көчүрүлөт
Маалыматка ылайык, президент Алмазбек Атамбаевдин атынан 100 миң, премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун атынан 70 миң жана өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атынан 50 миң сом акчалай жардам берилди.

Эскерте кетсек, 26-мартта таңга жуук Ош облусунун Өзгөн районундагы Ничке-Сай айылынын Топ-Жаңгак участкасында жер көчүп, бир турак жайды басып, төрт балалуу үй-бүлө көчкү алдында калган. 29-мартта көчкү алдынан эки баланын сөөгү чыгарылды. Андан сырткары каза болгондорго карата жергиликтүү эл куран окуткан болчу. 

Жардамды Ош облусунун башчысы Таалайбек Сарыбашов барып тапшырган.

Андан сырткары, Жогорку Кеңеш дагы 200 миң сом жардам бергенин парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0