Бишкекте ири жер титирөө болот деген божомолго башкы сейсмолог жооп берди

Жазылуу
Шаардыктар каңырыш уккан маалыматтарды бир-бири менен бөлүшө баштаган.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Айрым шаар тургундары түштөн кийин Бишкекте ири жер титирөө болору тууралуу маалыматтарды активдүү бөлүшүп жатканын окурман Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, шаардыктар бир-бирине чалышып, бүгүн, 29-мартта Бишкекте ири жер титирөө болот деп эскертишүүдө.

"Тараган маалымат боюнча саат 14:00дө жер титирөө болмок. Мага кызым айтты, кызыма эжем айтыптыр, эжем дагы кимдир бирөөлөрдөн угуптур. Коопсуздук үчүн үйдөн чыккыла деп жатышат. Бул канчалык чындыкка коошот?" — деп окурман суроо менен кайрылды.

Аномальная жара в Индии - Sputnik Кыргызстан
Быйыл аба ырайы адаттан тыш ысык болот
Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун директору Канатбек Абдрахматов бул маалыматтын жалган экенин билдирди. Ал жакын арада Бишкек шаарында ири жер титирөө болору боюнча божомолдоолор жок экенин баса белгиледи.

"Акылга сыйбаган имиш кеп. Мындай айың-кептер кээде тарап кетет. Ошентсе да жер титирөө качан кайсы жерде болорун эч ким алдын ала айта албайт", — деди Абдрахматов.

Ал ошондой эле быйыл ири жер титирөө болору тууралуу Сейсмология институтунда маалыматтар жок экенин кошумчалады.

Эмне үчүн жер титирөөлөр болорун Sputnik Кыргызстан инфографикасынан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0