Президент Атамбаев милиция адамдардын укугун сыйлашы керектигин айтты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алуу учурунда
Президент Алмазбек Атамбаев ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алмазбек Атамбаев милиция адамдардын жарандык позициясын билдирүүгө укугун сыйлоо зарылдыгын айтты. Ошол эле учурда мыйзам бузулган учурда коомдук тартипти сактоо боюнча тартип сакчылары да өз милдетин так аткарышы керек экенин баса белгиледи.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Митинг сторонников Омурбека Текебаева на старой площади - Sputnik Кыргызстан
Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары эски аянтта митинг өткөрүүдө
Жолугушууда мамлекет башчысы реформалоонун алкагында ички иштер органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат алды. Исраилов ошондой эле президентке жакында өтө турган эл аралык иш-чаралар учурунда коопсуздукту камсыз кылууга милициянын даярдыгы тууралуу айтты.

Акыркы учурда ар кандай саясий акциялардын өтүп жатканын айткан президент милиция адамдардын жарандык позициясын билдирүүгө укугун сыйлоо зарылдыгын, бирок мыйзам бузулган учурда коомдук тартипти сактоо боюнча өз милдетин так аткарышы керек экенин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0