КМШда адамдын динине карап басмырлоого каршы аракеттер жүрөт

© Sputnik / Александр Паниотов / Медиабанкка өтүүПразднование Курбан-байрама в регионах России
Празднование Курбан-байрама в регионах России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КМШнын башкы кеңсеси христиан, мусулман жана башка динди тутунгандарга карата басмырлоого жол бербөө долбоорун карап көрөт.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги (КМШ) адамдын динине карап басмырлоого жол бербөө боюнча иш-аракеттерди баштайт. Бул тууралуу Sputnik Белоруссия маалымат агенттиги билдирди. 

КМШнын башкы кеңсеси христиан, мусулман жана башка динди тутунгандарга карата басмырлоого жол бербөө долбоорун карап көрөт.

"Бул демилгени Россия көтөрдү", — деп уюмдун маалымат кызматы билдирди.

ОшМУнун Теология факультетинде уюштурулган семинар жыйынтыкталып, Баткен облусунун райондорунан келген 140 имамга сертификат тапшырылды - Sputnik Кыргызстан
Имамдар этика, маданият жана дин тууралуу окуудан өтүп, сертификат алышты
Документтин долбоорунда башка динди тутунгандарга карата сый-урмат көрсөтүү эң маанилүү нерсе экени баса белгиленип жазылган. Ошондой эле диндер аралык касташууга жол бербөө, диний фанатизм жана экстремизмге жол бербөө, башкаларды кордоо, террордук аракеттерге баруунун алдын алуу да белгиленген.

Документ 7-апрелде Ташкентте өтө турган тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынында кабыл алынары айтылууда. Андан кийин ал Бириккен Улуттар Уюмуна, Европадагы Коопсуздук Келишим уюмуна жана башка эл аралык уюмдарга таратылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0