Бишкекте апрелдин соңунда билим фестивалы өтөт

© Фото / Алия СамидинКитепканадагы окуучулар. Архив
Китепканадагы окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки күндүк фестивалдын алкагында белгилүү спортчулар жана чеберлер менен жолугушуулар болот.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Борбор калаада апрелдин соңунда "Сергек жашоо ыңгайы" деген аталыштагы V Билим фестивалы өтөт. Бул туурасында "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондусунан кабарлашты.

Работа детского сада в Калининграде - Sputnik Кыргызстан
Бакчадагы балдар эми жаңы ыкма менен тарбияланат
Билим фестивалы сергек жашоо ыңгайын андан ары илгерилетүүгө, дене тарбиясын жана спортту пропагандалоого, жарандарыбыздын маданиятынын жана өсүп келаткан муунду экологиялык тарбиялоонун деңгээлин жогорулатууга багытталган.

Эки күндүк фестивалдын алкагында белгилүү спортчулар жана чеберлер менен жолугушуулар, лекциялар, мастер-класстар, концерттер, спектаклдер, мектеп окуучулар үчүн кесипке багыт берүүчү көргөзмө, Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн жарманкеси уюштурулат.

"Бул жылы биз "Сергек жашоо ыңгайына" арналган аянтчаны түзүү менен жарманкенин катышуучуларынын курамын кыйла кеңейтүүнү пландаштырып жатабыз, ага Бишкек шаарында болгон бардык спорттук мекемелер жана федерациялар, спорттук клубдар жана ассоциациялар чакырылат", — деп билдиришти уюштуруучулар.

Иш-чара 29-30-апрелге белгиленген.

Билим фестивалы балдар, жаштар, ата-энелер жана шаардыктар үчүн Бишкек шаарында 2013-жылдан тарта жыл сайын өтүп келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0