Ыктыярчы: Facebook тармагын кыргызчалоо иши 63 пайызга аяктап калды

© Sputnik / Табылды КадырбековСнимок с социальной сети Facebook страница Sputnik Кыргызстан
Снимок с социальной сети Facebook страница Sputnik Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ыктыярчылар негизинен техникалык терминдерди которууда бир аз оорчулуктар бар экенин айтышууда.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Facebook социалдык тармагын кыргызчалоо ишинин 63 пайызы аяктаганын ыктыярчылардын бири Кайрат Замирбеков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, интернет колдонуучулар арасындагы эң популярдуу болгон социалдык тармактын интерфейсин кыргызчалоо иштери былтыр июнь айында башталган.

"Facebook тармагын кыргызчалоо боюнча атайын ыктыярчылардын тайпасында 300дөн ашык киши бар. Алардын арасында тарыхчылар, мугалимдер, программисттер жана башка тармактын адистерин кездештирүүгө болот. Андыктан бир терминди которгондо кеңешип туруп, сунушталган варианттардын бирине токтолобуз", — деди ал.

Замирбеков өз сөзүндө негизинен техникалык терминдерди которууда бир аз оорчулуктар бар экенин кошумчалады.

YuTube сайтынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Youtube сайтындагы видеолор кыргыз субтитрлери менен көрсөтүлө баштады
"Time line деген сөздү которууда бир нече пикирлер айтылды. Аны орусчага "хроника" деп которушуптур. Ушундай эле калтыралы дегендер да болду. Акырында кеңешип туруп "убакыт түрмөгү" деген сөзгө токтолдук. "Комментарий" дегенди "пикир" деп котордук", — деди ыктырчы.

Кайрат мындан эки жыл мурун Кыргыз улуттук университетин аяктап, коомдук фонддордун биринде эмгектенет.

Учурда Facebook социалдык тармагын Орто Азия мамлекеттеринен казак, тажик жана өзбек тилдерине которулуп жатканын сайттан көрүүгө болот. Негизинен Facebook социалдык тармагынын интерфейси отуздан ашык тилге которулган.

Белгилей кетсек, былтыр февраль айында кыргыз тили Google Translate тутумуна киргизилген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0