Бишкекте жол үстүндөгү өтмөктөрдү ким курат? Мэрия тендер жарыялады

© Фото / пресс-службе БишкекглавархитектурыЖол үстүндөгү өтмөктүн эскизи. Архив
Жол үстүндөгү өтмөктүн эскизи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Капиталдык курулуш башкармалыгы "Мадина" жана "Аламүдүн" базарларынын жанына көпүрө курууга 37 миллион сом керектелерин айткан.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Мэриянын алдындагы капиталдык курулуш башкармалыгы "Аламүдүн" жана "Мадина" базарларынын жанына жол үстүндөгү өтмөктөрдү куруу боюнча тендер жарыяларды. Аталган арыз Кыргызстандын мамлекеттик сатып алуулар расмий порталына жайгаштырылган.

Өткөн жылдын февраль айынын ортосунда Бишкектин башкы архитектурасы калаанын төмөнкү бөлүктөрүнө жол үстүндөгү өтмөктөрдү кура турганын жарыялаган:

  • Манас проспектиси — Шампанкомбинат;
  • Мамбетов көчөсү — Шабдан баатыр проспектиси ("Мадина" соода базары);
  • Шабдан баатыр проспектиси менен Жалил көчөсү — Жибек Жолу проспектиси ("Аламүдүн" соода базары);
  • Чүй проспектиси — Бейшеналиева көчөсү ("Ош базары" соода базары);
  • Лев Толстой көчөсү, КРСУ окуу жайынын корпусунун жанында;
  • Шопоков көчөсү — Чүй проспектиси.

Капиталдык курулуш башкармалыгы "Мадина" жана "Аламүдүн" базарларынын жанына көпүрө курууга 37 миллион сом керектелерин айткан.

Аталган башкармалык сумманын жарымын аванс түрүндө төлөйт. Калган акчаны объектини кабыл алгандан кийин берет.

"Куруучу компаниянын акыркы эки жылдын ичинде 36 миллион сомдун тегерегинде акча сарпталчу курулушту куруу боюнча иш тажрыйбасы сөзсүз түрдө болушу шарт", — деп жазылган катышуучуларга коюлган талаптарда.

Арыздарды берүү убактысы 2017-жылдын 17-апрелинде аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0