Муфтият быйыл орозо качан башталарын болжолдуу билдирди

Жазылуу
Белгилей кетсек, бул даталар болжолдуу алынган.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Быйыл Кыргызстандагы мусулмандар орозону болжол менен 27-майда баштап кармашат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, бул даталар болжолдуу алынган. Такталган билдирүү айдын чыгышына карап, майдын аягында белгилүү болот. Муфтият бул даталар 1-2 күнгө жылышы мүмкүн экенин божомолдойт.

Былтыр орозо айы 6-июнда башталып, 5-июлда аяктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0