Оштун дүкөндөрүндө жардамга муктаждар үчүн текче ачылды

© Фото / Зулфия ТургуноваПолки милосердия "Мээримду журок" ("Доброе сердце") в супермаркетах Оша
Полки милосердия Мээримду журок (Доброе сердце)  в супермаркетах Оша - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аз камсыз болгон адамдарга жардам берем деген бардык каалоочулар супермаркеттердеги атайын текчелерге тамак-аш же акча калтырып койсо болот.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Ош шаарынын супермаркеттеринде "Мээримдүү жүрөк" аталышындагы кайрымдуулук текчелери орнотулду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин Ош облусундагы аймактык кабарчысы билдирди.

Утро в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
КУУ студенттери азиз адамга жардам берүү үчүн өздөрү жасаган тамак-ашты сатышат
Ош шаарынын жаштар иши комитетинин башчысы Мелис Обозовдун айтымында, акция аз камсыз болгон адамдарга жардам берүү максатын көздөйт.

Жардамга муктаж болгондорго кол сунам деген каалоочулар атайын текчелерге акча же тамак-аш калтырып койсо болот.

Кайрымдуулук текчелери шаардын ар кайсы райондорундагы жети дүкөндө ачылган. 10 күндүн ичинде алардын саны мындан да өсүшү ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0