Быйыл Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы аскердик лицей окуучуларды кабыл албайт

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызский национальный военный лицей в Бишкеке
Кыргызский национальный военный лицей в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дайыр Асанов атындагы лицейде быйыл ири реформалар жүрөт.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Быйыл Дайыр Асанов атындагы (Суворов училищеси) кыргыз улуттук аскер лицейи окуучуларды кабыл албай турганын КР Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы билдирди.

Швейный цех по пошиву военной одежды. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда тигүүчүлүк кесипке суроо-талап өсүүдө
Мындай кадам куралдуу күчтөр тармагындагы реформалардан улам жасалууда. Лицейдин окуу тартибине да бир топ өзгөрүүлөр кирет. Жалпы билим берүү предметтери боюнча сааттарды көбөйтүү каралууда. Ошондой эле мугалимдердин эмгек маянасы жана башка маселелер дагы бар.

Лицейдин жетекчилиги окуучуларды тарбиялоо ыкмасын өзгөртүүнү көздөп жатат. Андыктан тарбиялануучулар үчүн балдар психологу иштеп, атайын ийримдер ачылат.

Мурда лицейге 8-классты бүткөндөр алынса, эми жаңы эреже боюнча 9-классты аяктагандар гана кабыл алынат.

Дайыр Асанов атындагы кыргыз улуттук аскер лицейи 1983-жылы негизделген.

Жаңылыктар түрмөгү
0