БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Куран боюнча өлкө аймагында сынак башталды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-мартта Бишкек шаарынын борбордук мечитинде куран жарышынын тандоо туру өттү. Ага катышуу үчүн Чүй облусунан жана борбор калаадан 90 бала каттоодон өткөн.
Талапкерлерди тандоо иш-чаралары башка аймактарда да өтүүдө. Сынакты муфтият жана "Адеп башаты" коомдук фондусу уюштурууда.