Бакыт Орунбеков айылга кат жазды. Чийилген пластинка, эсти оодарган эки тыйын...

© Фото / Каныбек ОмурбековКыргыз-Түрк "Манас" университетинин журналистика кафедрасынын башчысы, журналист Бакыт Орунбеков
Кыргыз-Түрк Манас университетинин журналистика кафедрасынын башчысы, журналист Бакыт Орунбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул сапар журналист, окутуучу, саясат тануучу Бакыт Орунбеков Тогуз-Тородогу Аралга кат жазып, байгер заман катары эстелип калган советтер доорун, окуучулук күндөрүн эстеди.

Мен 1964-жылы 1-май майрамына эки күн жетпей жарык дүйнөгө келиптирмин. Анда коммунизм курабыз деген Брежнев аксакал башкарган мезгил эле. Тарыхты таразалап көрсөк, калктын курсагы тое баштаган учур окшойт. Азыр эстесем, эл үстү чырпык менен жабылган жалпак тамдарынын ордуна шыйпырлап үй сала баштаган кез эле…

© из архива Бакыта ОрунбековаБакыт Орунбеков эки жашта. Апасы Суусар менен
Журналист Бакыт Орунбеков в детстве  - Sputnik Кыргызстан
Бакыт Орунбеков эки жашта. Апасы Суусар менен

Менин туулуп, өскөн жерим Тогуз-Тородогу Арал айылы, айтылуу Фергана жана Молдо-Тоо кыркаларынын тогошкон жеринин этегинде Көк-Ирим жана Колбоор дарыяларынын өңүрүндө жайгашкан ажайып аймак. Кичи мекеним — кыргыз тарыхында белгилүү хан Садыр, Каба, Жанболот, Актери, Бостери, Алптобок, Тайлак баатырлар ат ойноткон, кылыч чапкан, чеп кылып элин коргогон, өрүшүндө малы толгон, талаасында даны куюлган керемет жер. Улуу акын Тоголок Молдо жашап, далай акындар ырга салган жер. "Борбордук Азиянын жунглиси" аталган Каначуу коругу, байыркынын табериги, тарыхтын дүйнөдө жок кайталангыс байлыгы, касиеттүү "Саймалуу-Таш" петроглиф-таш сүрөттөрү менин айылымдын өңүрүндө, ошол үчүн сыймыктанам.

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарымдуу элчиси, профессор Ибрагим Жунусов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Элчи Ибрагим Жунусов кат жазып, айылдаштары менен мектебинен кечирим сурады
Атам – Орунбек негизги кесиби боюнча мугалим. 1950-жылдардын аягында Жалал-Абаддагы педогогикалык окуу жайын бүтүрүп келгенден кийин Тогуз-Торонун бир нече мектептеринде 20 жылга жакын жаш муунга билим берип иштеди. Кийин чарбалык кызматка өтүп, социализмге жан дили менен кызмат кылып пенсияга чыккан. Азыр да кадимки кайраты менен, кичүү уулу менен айылда неберлеринин кашында өмүр сүрүп келүүдө.

Апам – Суусар колунан көөрү төгүлгөн уз эле. Оорунун азабын тартып жүрүп, 73 жашында дүйнөдөн өтүп кетти.

Эсимде. Апам табиятынан оозунда керемет кеби бар, сөз баккан адам эле. Жогорку билими жок болсо да китеп-гезит калтырбай окуган жан эле. Колунан көөрү төгүлгөн уздугу өзүнчө керемет болчу. Үйдө жайында бак ичинде апам жасаган ак боз үй тигилип турар эле. Азыр ошону эстеп сагынам. Мен ушундай ата-энем менен сыймыктанып, алардын менин бүгүнкү жетишкендигим үчүн жасаган талбаган улуу эмгектери үчүн өмүр бою таазим кылсам аздык кылар…

Эсимде. Кичинекейибизде керзи өтүк, чокой, колго шырылган фуфайкалардын акыркыларын биз кийип калдык. Мектептин орто класстарынан кийин дүкөндүн кийимдерине өттүк. Азыр ойлосом элдин турмушу жылдан-жылга оңолуп жаткан тура. Айылдын ортосундагы чакан дүкөндө баары эле болор эле, жайлоо-кыштоолорду кыдырган эл оозунда "аптолапка" (автолавка) деп аталган "автодүкөндөр" андан көп эле.

Окуучу кезде колхоздун колун узартып…

дин маданиятына эмгек сиңирген ишмер, алтын үндүү, кыргыз элинин бели бекчейген кемпиринен тарта бешиктеги баласына чейин кереметтүү добушу менен таанымал диктор Гүлшан Молдоева - Sputnik Кыргызстан
Гүлшан Молдоеванын айылга каты. Өз үнүнөн чочуп чаң салган чоң эне, каткырган чалы
Эсимде. Ал мезгилде компартиянын ар бир беш жылдык пландарына элди шыктандырып, аны аткарууга бардыгын үндөчү. Партиянын тапшырмасы деп белибиз ката электе классыбыз менен металл калдыктарды чогултуп тапшырар элек. Эгин болбой калган бир жылы колхоз талааларынан окуучуларды машак тергенге айдаганы эсимде. Арпа-буудай талааларын каптаган окуучулар бир топ эле эгиндин баштарын чогултуп коер элек. Дагы бир жылы малга тоют жетпей жатат деп, эркек балдардын баарын токойдон тал-теректердин бутактарын кыйдыртып, камыш ордуртуп, короо-сарайга ташытканы азыр да көз алдымда турат. Саман жыйналбай жатат деп кыроо түшкөн кеч күздө дагы талаага айдар эле. Кой куудурууга кол күчү жетпей жатат деп, класстагы эркек балдардын баарын кочкорлорду кармап бергени машинага салып кетишчү. Колхоздун каналдары окуучуларсыз тазаланчу эмес, талааны таштан тазалаганга да бизди куучу. 9-класста окуп жатканда кой төлдөтүүгө 45 күнгө алып кетчү, ал күндөрдөгү сабакты кайдан, кантип толтурчу азыр деле билбейм. Кыскасы, ал мезгилде биз кол кабыш кылбаган колхоздун бир дагы жумушу калчу эмес. Бир жагы биз ага элдин керегине жарап, компартиянын тапшырмасын аткарып жатабыз деп сыймыктанчубуз.

Мектепте комсомол комитетинин секретары болуп иштеп, комсомол-окуучулардан 2 тыйындан мүчөлүк акы чогултаар элем. Аны топтоо да оңой иш эмес эле, "атама колхоз айлык бербей жатат" деп төлөбөй качып жүргөн комсомолдор болор эле. Топтоп жүргөн тыйындар чөнтөгүмөн түшүп калып, ордун толтура албай көчөдө тыйын ойногон классташтардан карыз алган учурлар болгон.

Классташтар. Чийилген пластикага чимирилип бийлегенде…

Классташтар демекчи, айылда чогуу чоңойгон досторумду кантип эстебейм. Ал кезде классташ-кыздарды ата-энесинен жооп сурап, бирөө милдетин алып "отурушка" алып келер эле, чийилген пластинканы коюп алып бийлеп жыргачубуз, кышында балдар бозо жылытып, талкан салып ичип, ортого от жагып отурар элек, экскурсияга барарда машинага бензин таппай калганда колхоздон "уурдаган" учурлар болгон…

© Фото / Каныбек Омурбеков"Классташтар демекчи, айылда чогуу чоңойгон досторумду кантип эстебей кое алам", — дейт Орунбеков
Журналист, заведующий кафедрой журналистики в Кыргызско-Турецком университете Манас Бакыт Орунбеков - Sputnik Кыргызстан
"Классташтар демекчи, айылда чогуу чоңойгон досторумду кантип эстебей кое алам", — дейт Орунбеков

Комсомолдук-лениндик ишке шыктанып алып, мектепте "Комсомолдук прожектор" чыгарып, артта калган, жалкоо комсомолдорду уяткарып, карикатура тартып, сатиралык ыр жазып алдыга сүйрөгөн учурлар көп болду. "Прожектор" өзүбүздү-өзүбүз тарбиялай турган дагы бир аянтча эле.

9-класста окуп жатканда облустук семинарга алып келип, комсомолдук лидер кандай болуш керек экендигин кулагыбызга куюп, ого бетер дердеңдетип койду. Тянь-Шань районундагы чабан кыздардын "Эдельвейс" комсомолдук бригадасына алып келип, "комсомол ушинтип кой багат, комсомол минтип эс алат" деп мээбизди толтуруп, ого бетер желбеңдетип салды. Ошол күжүрмөн дем менен мектепте бир топ идеяларды күрүлдөтүп ишке ашырганымды эстедим.

Мектепти бүткөндөн кийин үч жыл жогорку окууга жайга өтө албай жүрдүм. Айылда комсомолдук бригадада, чабан болуп иштеген атамдын иниси Керимбек байкемдин жардамчысы болуп иштеп кой бактым. Үч күн, үч түн жол жүрүп Кетмен-Төбө Кабагына кой айдаган күндөр болду. Жамгырлуу күндөрдө моюндан ылдый суу шорголотуп колхоздун коюн кайтардым, түнү бою күзөткө туруп кой туудуруп, социализмдин козуларын бактым. Ошол кездеги адырда мал айдап, ат чапкылып жүрүп ээгим туурулуп, бетим кесилген учурларды көп эстейм…

Аман бол, түгөл бол, мен сагынган айылым, ардактуу айылдаштарым…

Саламым менен, саясий илимдеринин кандидаты, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин журналистика кафедрасынын башчысы, уулуңар Бакыт Орунбеков.

Жаңылыктар түрмөгү
0