Өзгөн: куткаруучулар жер көчкү алдында калгандарга өтө албай турат

© Фото / пресс-служба МЧСОш облусунун Өзгөн районундагы Ничке-Сай айылынын Топ-Жаңгак участкасында жер көчкү
Ош облусунун Өзгөн районундагы Ничке-Сай айылынын Топ-Жаңгак участкасында жер көчкү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
26-мартта таңга жуук Ош облусунун Өзгөн районундагы Ничке-Сай айылынын Топ-Жаңгак участкасында жер көчүп, бир турак-жайды басып, төрт балалуу үй-бүлө көчкү алдында калган.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Өзгөн районунун Зергер айыл аймагында да жер көчкү жүрүү коркунучу сакталгандыктан көчкү астында калган үй-бүлөнү алып чыга албай жатышат. Бул туурасында Зергер айыл өкмөт башчысы Дилмуханбет Бокошев билдирди.

Эскерте кетсек, 26-мартта таңга жуук Ош облусунун Өзгөн районундагы Ничке-Сай айылынын Топ-Жаңгак участкасында жер көчүп, бир турак-жайды басып, төрт балалуу үй-бүлө көчкү алдында калган.

ӨКМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ат-Башыда мал издеп чыккан жаран кар көчкүнүн алдында калып каза болду
"Кырсык таңга жуук саат 4.20да болуптур. Кырсык тууралуу кабар бизге саат 6.30дарда келип түштү. Ал жерге унаа бара албагандыктан 10-15 чакырымдай атчан жүрүү керек. Көчкүнүн көлөмү аябай чоң, суунун аркы бетинен берки бетке чыга түшүптүр. Турак жайды, мал сарайларын толугу менен алып кетиптир. Эч нерсе көрүнбөйт. Үстүндөгү кыркаларда дагы жаракалар көрүнүп турат. Андыктан дагы түшпөсүн деп ал жакка эч кимди өткөрбөй тосуп турабыз", — деди айыл башчы.

Бокошевдин айтымында, ал үй-бүлө күзүндө талаадан түшпөй, аталган жайыкта мал-жаны менен кыштап калган.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороонов жана өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалай Сарбашев кырсык болгон аймакка жөнөп кеткени маалымдалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0