Жакында Нарында гемодиализ бөлүмү ачылат

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүДарыгер. Архив
Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Нарын облусунда 78 адам гемодиализге муктаж. Эгер бөлүм ачылып калса 38 бейтап Нарынга келип дарыланууга мумкүнчүлүк алат.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Жакын арада Нарын шаарында гемодиализ бөлүмү ачылат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Учурда облустук бириктирилген ооруканадан бөлүнгөн бөлмөлөр Мамлекеттик медициналык камсыздандыруу фонду бөлгөн каражатка оңдолууда.

В Омске открылся высокотехнологичный центр лечения патологии почек - Sputnik Кыргызстан
Бүк түшүргөн бөйрөк оорусу. Гемодиализге байланган балдар...
Гемодиализ бөлүмүн ачуу аракеттери КР Саламаттык сактоо министрлиги менен Япониянын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн негизинде ишке ашып жатат. Япон тарап алты аппаратты жана суу тазалоочу системаны бекер берет. Андан сырткары, жыл аягына чейинки гемодиализге кеткен чыгымдарды да мойнуна алган. Ал эми суу менен үзгүлтүксүз камсыздоочу резервуарларды медициналык камсыздандыруу фонду сатып берди.

Оңдоо иштери аяктагандан кийин Япониядан адистер келип, шарттарын көргөндөн кийин аппараттар жөнөтүлөт. Ошондой эле эки дарыгер жана эки медициналык кызматкер Бишкек шаарынан атайын окуудан өтүп келет.

Учурда Нарын облусунда 78 адам гемодиализге муктаж. Эгер бөлүм ачылып калса 38 бейтап Нарынга келип дарыланууга мумкүнчүлүк алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0