Жээнбеков: көчөттөргө жакшылап кам көрсөк, Кыргызстан эчак жунглидей жашыл болмок

Жазылуу
Өкмөт башчы отургузулган көчөттөргө жакшылап кам көрүү керектигин белгиледи.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өлкө аймагындагы ишембиликтер эптеп эле өтүп жатканын айтып нааразы болгонун өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Министрлер кабинетинин жетекчиси мындай пикирин өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, жазга даярдык жана региондорду жашылдандыруу боюнча жыйын маалында облустардын губернаторлоруна билдирген.

"Ишембилик сайын бак-дарактар отургузулат. Бирок аларга кийин кам көрүп, убагында сугарган эч ким жок. Эгер бизде отургузулган бактар өссө, Кыргызстан эчак эле жунгли сыяктуу жапжашыл болуп калмак. Ошондуктан жөн гана көзгө көрүнүү үчүн көчөт отургузбай, ар бир жаранды жоопкерчиликке, тазалыкка, жаратылышты сүйүүгө чакырышыбыз керек", — деди Жээнбеков.

Өкмөт башчысы облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөргө салтка айланган ишембиликтерди кайра жандандыруу талабын койду.

Жаңылыктар түрмөгү
0